«Вечерний Бишкектин» «Кактус Медиага» каршы доо арызы боюнча райондук соттун чечими чыкты

  • 12 месяцев мурун

Бүгүн, 23-майда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда «Вечерний Бишкек» гезитинин «Кактус Медиа» сайтына каршы доо арызы каралды.

Соттук териштирүүгө «Кактус Медианын» сайтына жарыяланган «Вечерний Бишкек» гезитинин жабылышы жана кызматкерлеринин жумуштан айдалганы тууралуу макала себеп болгон.

Басылма «Кактус Медиада» жарыяланган макаладагы маалыматтар чындыкка дал келбей турганын айтып, андагы маалыматтарды төгүндөөнү талап кылууда.

«Вечерний Бишкек» соттон «Кактус Медиадан» жалпы 50 миллион сом кенемте өндүрүп берүүнү өтүнгөн.

Биринчи Май райондук сотунун судьясы Жылдыз Сайдылдаева «Вечерний Бишкектин» доо арызы боюнча чечим чыгарды. «Кактус медиасынын» жарыялаган макаладагы маалыматты чындыкка дал келбейт деп таануу тууралуу доо арыз жарым-жартылай канааттандырылды. Кабарчы 500 миң сом, «Промедиа Плюс» коомдук фонду 500 миң сом төлөөгө милдеттендирилди, мындан тышкары 700 сомдук мамлекеттик алым төлөө талабы да коюлду.

«Кактус медиасынын» редакциясы бул чечимге каршы даттанарын билдирди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты