«ЭлТР» мамлекеттик телерадиоберүү компаниясы «ПолитКлиника» медиасын сотко берди

  • 1 год мурун

«ЭлТР» мамлекеттик телерадиоберүү компаниясы «ПолитКлиника» медиасынын үстүнөн Бишкектин Свердлов райондук сотуна арыз менен кайрылды. Бул тууралуу «ПолитКлиникага» келген доо-арыздын көчүрмөсүндө айтылат.

Андагы маалыматка ылайык, арыз жазууга «ПолитКлиника» медиасынын 4-февралда социалдык тармактарда жарыяланган “ЭлТРдин “Садыр Жапаров энергетикага карыз алган эмес” дегени калп” аталышындагы материалы себеп болгон. «ЭлТР» арызында «ПолитКлиника» бул материалда компаниянын жана анын кызматкерлеринин аброюна шек келтирген» деп билдирген.

Компания «ПолитКлиникадан» аталган материалды интернет желесинен алып салууну жана анда айтылган маалыматтарды төгүндөөнү талап кылууда.

Моралдык зыян катары «ЭлТР» соттон «ПолитКлиника» редакциясынан 7 миллион сом, журналист Тыныстан Асыпбектен 3 миллион сом, жалпы 10 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнгөн.

Белгилей кетсек, 4-февралда «ПолитКлиника» медиасы “ЭлТРдин “Садыр Жапаров энергетикага карыз алган эмес” дегени калп” деген баштема менен ачык булактарга таянган материал жарыялаган. Анда «ПолитКлиника» «ЭлТРдин» 31-январда чыккан “Кайсы президент энергетикага көп карыз алган?” аттуу сюжетин анализдеп, андагы маалыматтар чындыкка дал келбей турганын билдирген.

Материал жарыялангандан кийин «ЭлТР» менен президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков нааразычылыгын билдирип, «ЭлТР» кечирим суроону талап кылган.

«ПолитКлиника» медиасы кечирим сурабай турганын, «ЭлТРдин» айыптоолоруна сотто жооп берип, өз чындыгын далилдөөгө даяр экенин билдирген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты