Маданият министрлиги «Клооптун» кыргыз тилиндеги сайтын бөгөттөдү

  • 6 месяцев мурун

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Клооп” басылмасынын кыргыз тилиндеги  ky.kloop.asia домениндеги сайтын фейктер тууралуу мыйзамдын негизинде бөгөттөдү.

Бул тууралуу “Клооп” басылмасына маданият министрлиги билдирген.  

Маданият министрлиги санарип министрлигине жиберген катта 30-октябрда УКМКдан кат келгени айтылган.  

Басылма ошол чечимдин негизинде Санарип министрлиги тарабынан сайт бөгөттөлгөн болушу мүмкүн экенин жазды.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин эркин басылманын сайтын бөгөттөө чечимине сайтка оппозиционер саясатчы Равшан Жээнбеков абакта кыйноого кабылганын айтып даттанганы жөнүндөгү жаңылык жарыяланганы себеп болгон. Министрлик «УКМКнын көрсөтмөсү. Саясатчы Равшан Жээнбеков абакта кыйноого кабылганын кабарлады” аттуу макала боюнча атайын кызмат “бул макала фейктер жөнүндөгү мыйзамга каршы келет жана УКМКнын аброюна шек келтирет” деп кайрылганын билдирип, аны өчүрүүнү талап кылган.

12-сентябрда “Клооп” басылмасы сайтындагы макала өчүрүлбөй турганын жарыялады. 

«Клооптун» орус тилиндеги сайты 12-сентябрдан тартып жабылган.

6-октябрда Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда Бишкек шаардык прокуратурасынын “Клооп” басылмасын жабууга байланыштуу арызы каралды.

Бишкек шаардык прокуратурасы “Клооп” басылмасын жабуу боюнча сотко арыз жазганы 28-августта белгилүү болгон.

Шаардын прокурору Эмилбек Абдыманаповдун сотко жолдогон кайрылуусунда “Клооп” басылмасы “азыркы бийликтин жүргүзгөн саясатын кескин сындап, мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын өкүлдөрүнүн кадыр-баркын кетирүүнү көздөгөн терс мүнөздөгү маалыматтарды көп жарыялары” жазылган.

Прокуратура басылманын мындай маалыматтары “эл арасында терс маанай жаратып, айрым аймактардан элди көчүп кетүүгө арагасыз кылып жатканын” жүйө келтирген.

“Клооп” 2008-жылдан бери иштейт. Басылма бир катар чуулгандуу иликтөөлөрү үчүн эл аралык сыйлыктарга татыган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты