БУУ кыргыз бийлигин «чет элдик өкүл жөнүндө» мыйзам долбоорун четке кагууга чакырды

  • 7 месяцев мурун

Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча Жогорку Комиссарынын басма сөз кызматчысы Равина Шамдасани Кыргызстандын парламентин «чет элдик өкүл жөнүндө» мыйзам долбоорун четке кагууга чакырды. Анын билдирүүсү уюмдун расмий сайтына жарыяланды.

Равина Шамсадани сунушталып жаткан мыйзам долбоору боюнча олуттуу кооптонуулар бар экенин, мыйзам кабыл алынса, ал коомдук уюмдардын ишине терс таасирин тийгизип, сөз эркиндигин жана адамдардын биригүү эркиндиктерин чектерин билдирди.

«Чет элдик өкүл жөнүндө» мыйзам долбоору бейөкмөт уюмдардын ишине активдүү катышкандыгы же аларды колдогону үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралып, адам 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүндүгү белгиленген. Мындай аныктама так эмес жана ал мыйзамды субъективдүү чечмелөөгө мүмкүндүк берет. Бул норма адам укуктарын коргоочуларды тандалма түрдө соттоого алып келет«, — деп айтылат билдирүүдө.

Равина Шамсадани сунушталып жаткан мыйзам долбоору Кыргызстандын Юстиция министрлигине коммерциялык эмес уюмдардын ишин капысынан текшерүүгө, алардын документтерин алып коюуга кеңири укуктарды берерин белгиледи.

«Мындан тышкары, мыйзам долбоору «саясий ишмердүүлүк» деп аталган иш менен алектенгендер, ошондой эле, чет өлкөдөн каржыланган уюмдар «чет өлкөлүк өкүл» катары каттоодон өтүүнү талап кылат. Бул талапты аткаруудан баш тартуу алардын ишин соттун чечимисиз эле алты айга токтотууга алып келиши мүмкүн«, — деп жазылат билдирүүдө.

Жогорку Кеңештин тармактык эки комитети жакында мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырган. 17-октябрда Жогорку Кеңеште бул документ боюнча парламенттик угуу өтмөкчү.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты