Иликтөөчү журналист Болот Темиров Москва аэропортунда ФСБга сурак берди

  • 1 год мурун

Иликтөөчү журналист Болот Темиров Москва аэропортунда ФСБга сурак берди. Бул тууралуу Bulak.kg’ге анын жубайы билдирди.

Жубайынын айтымында, Болот Темиров аэропортко келгенде ФСБ кызматкерлери тосуп алышкан. «Алар анын кандай максатта учканын сурашты. Болот Темиров иликтөөчү журналист экенин айтты. Анан алар иликтөөгө акчаны кайдан алып жатканын сурашты. Ал чет элдик уюмдардан грант ала турганын айткан. Алар Болот Темировду өткөрүп, аны алып келген эки укук коргоо органынын кызматкерлерин көпкө кармашкан», — деди Болот Темировдун жубайы.

Аэропорттон Болот Темировду апасы тосуп алды. Азыр ал ата-энесинин жанында. Анын жубайы белгилегендей, учурда Болот Темировдун паспорту, телефону да жок, болгону Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан берилген Орусиянын жараны деген убактылуу маалымкаты гана бар.

«Биз Болот Темировдун Кыргызстанга кайтып келиши үчүн күрөшөбүз. Анткени ал Кыргыз Республикасынын жараны, ушул жерде туулуп, өскөн. Temirov Live командасы ансыз да иштей берет, ал эми Болот Темиров онлайн режиминде кошулушу мүмкүн», — деди жубайы.

23-ноябрда Бишкек шаардык соту иликтөөчү журналист Болот Темировдун ишин карады. Сот Болот Темировду өлкөдөн чыгаруу чечимин кабыл алды.

Өкүм жарыялангандан кийин дароо Болот Темиров кармалып, коштоо менен сот залынан чыгарылды.

Болот Темировдун жактоочулары соттук коллегиядан Бишкектин Свердлов райондук сотунун өкүмүн өзгөртүүнү жана алардын кардарын кылмыштын курамы жок деп толук актап берүүнү өтүнүшкөн эле.

Прокурор соттук коллегиядан Темировду ага тагылган Кылмыш-жаза кодексинин беренелери боюнча күнөөлүү деп табууну өтүндү. Ошондой эле соттолуучуга карата өлкөдөн чыгаруу беренесин колдонуу, анткени айыптоочунун айтымында, ал Кыргызстандын жараны эмес.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты