Санариптик калп: Социалдык тармактарда журналисттерди каралоого кимдер катышты? 

Социалдык тармактардын өнүгүшү менен заматта маалымат алып, беришүүгө мүмкүнчүлүк жаралды. Бирок ошол эле учурда биз фейктер тараткан жалган маалыматтардын жана троллдордун активдүү ишмердүүлүгүнүн күбөсү болуп жатабыз. Фейк жана троллдор чындыкка таптакыр дал келбеген же жасалма маанай жаратуу аракетинде фактыларды бурмалаган, провокациялык маалыматтарды таратууда интернет платформаларын колдонушат. Буга чейин мындай тажрыйбалар болгонуна карабастан, заманбап дүйнөдө алар жаңы масштабга чыгып, коомдук маанайга таасири күчөй баштады. 

Мындай жасалма маанай жаратуу аракеттери саясий процесстерге, социалдык туруктуулукка, ал тургай адамдардын психологиялык абалына олуттуу таасирин тийгизет. 

Биз бүгүн интернетти байырлаган фейк жана троллдор, саясий куугунтукка кабылган саясатчыларды, активист жана журналисттерди, бейөкмөт уюмдарды каралоого катышкан Ютуб-каналдар тууралуу сөз кылабыз.

Камоолор менен башталган каралоолор 

11 журналист камакка алынган күнү башка дагы көз карандысыз медиалардын журналисттерин, жетекчилерин активдүү каралоо башталды. Каралоого кабылгандардын арасында “ПолитКлиника” медиасынын башкы редактору Дилбар Алимова да бар. 

“ПолитКлиника” медиасы каралоо өнөктүгүнө катышкан Ютуб-каналдар кимге таандык, кайсы троллдор, фейктер эркин журналисттерге чабуул жасаганын анализдеп көрдү.

“Саясат каналы” 

Ютубдагы “Саясат” каналы 2021-жылы 11-январда Казакстанда катталган. 

11 журналист камалган 2024-жылдын январь айында “Саясат” каналы көз карандысыз медиалар тууралуу каралоочу маанайдагы 18 видео бөлүшкөн. Видеолордун айрымдары орус жана англис тилдерине которулган. Бул канал “ПолитКлиника” медиасынын башкы редактору Дилбар Алимованы каралоого да активдүү катышты.

Аталган каналдын видеолорунун көпчүлүгүндө кастык тили колдонулган. Мисалы, “бет тырмаак блогер», «ээн ооз журналисттер», «шпиондор», «чыккынчылар», «саткын, бузукулар” деген сөздөрдү кездештирүүгө болот. 

Көз карандысыз медиаларды каралоого активдүү катышкан бул аккаунт жарыялаган алгачкы видеолорун карап көрдүк. “Саясат” каналы ачылгандан бери бийликчил саясатчылардын жаңылыктарын байма-бай бөлүшүп, оппозициячыл маанайдагы саясатчыларды каралаган материалдарды да жасап келген. Алардын арасында Кемпир-Абад иши боюнча камалгандар, көз карандысыз журналисттер жана бийликти сындап келген активисттер да бар. 

Мындан бир жыл мурун каналдын видеолорунда чыгып жүргөн Данияр Муратбеков аттуу жарандын социалдык тармактардагы аккаунттарын издеп көрдүк. Анын Фейсбукта 2 аккаунту бар. Бири өзүнүн аты-жөнү менен “Данияр Муратбеков” деп катталган аккаунт болсо, экинчиси “Данияр Алга” деген ат менен катталган. Эки баракчада тең Муратбеков УТРКнын видеолорун бөлүшүп келген. Ал эми фейктер боюнча бир катар иликтөөлөрдө аты аталган Усубалы Каганат аттуу УТРКнын мурдагы кызматкери Муратбековду постторунда такай белгилеп келген. 

Эң кызыгы, “Данияр Алга” деген баракчада Муратбеков өзүн “Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинде иштейм” деп көрсөткөн. Бирок качан иштеп баштаганы, министрликте кандай кызматта экени тууралуу маалыматты таба алган жокпуз. 

Бул суроолорго жооп алуу жана Муратбеков видеолоруна чыгып жүргөн “Саясат” Ютуб-каналынын Маданият министрлигине кандай тиешеси бар экенин тактоо максатында өзүнө кайрылдык. Ал министрликте иштебей калганына төрт жылдын жүзү болгонун, ал эми “Саясат” каналынын жетекчилери ким экенин унутуп калганын айтты. 

“Маданият министрлигинде иштеп кеткениме 4 жылдын жүзү болду. Ал эми “Саясат” Ютуб-каналынын мурунку жетекчилерин унутуп калдым. Азыркыларын билбейм”, — деди Муратбеков. 

УТРКнын видеолорун бөлүшкөн 

“Саясат” каналынан УТРКнын атайын сюжеттерин алып барган Гүлжамал Көкүмбай кызы аттуу журналист чыгып жүргөн видеолорду көрүүгө болот.

Аталган Ютуб-канал УТРКнын видеолорун бир эмес, бир нече жолу бөлүшкөн

Биз маалымат алуу максатында Гүлжамал Көкүмбай кызына байланышууга аракет кылдык. Бирок суроолорубузга жооп ала албадык. 

“Курч Тв” каналы

Жогорудагы “Саясат” каналына окшош дагы бир Ютуб-каналы — “Курч Тв”. 

“Курч Тв” каналы Ютубда  2023-жылдын 13-мартында катталган. Каналдын кайсы өлкөдө катталганы тууралуу маалымат көрсөтүлгөн эмес. Учурда 5 миң 700гө жакын катталуучусу бар. 

Канал түптөлгөндөн баштап жалпы 90 видео жүктөлгөн. Анын 19у түздөн-түз көз карандысыз медиаларга байланыштуу каралоочу маанайдагы видеолор. “Азаттык”, “Кактус Медиа”, “ПолитКлиника”, “Клооп” сыяктуу медиаларга карата, камактагы саясатчы, коомдук активисттерге карата каралоочу материалдарды даярдайт.

Видеолорунда элдин оюн манипуляция кылган “ЛГБТны жактагандар, Батыштын күчүктөрү” сыяктуу кастык тилин колдонуп келишет.

Аталган канал дагы Дилбар Алимованы каралоого катышып, 17-январда “Дилбар Алимова кантип байыган?” аталышындагы видео материал жарыялаган. Анда Алимовага карата негизсиз каралоо болуп, эч кандай далил келтирилген эмес. 

Белгилей кетчү кызыктуу жагдай, «Курч ТВнын» видеолоруна чыгып жүргөн Абдыганы Суранов аттуу жаран “ПолитКлиниканын” иликтөөчүлөр мектебиндеги тренингдерге катышып жүргөн. Төмөндөгү сүрөттөр буга далил. 

Биз Сурановдун өзү менен байланышып, анын «Курч ТВ» каналына кандай байланышы бар экенин билүүгө аракет кылдык. Бирок ал каналда иштебей калганын айтып, каралоочу маанайда жасалган видеолордо журналисттик этика сакталганбы деген сурообузга жооп берүүдөн баш тартты. 

Фейсбуктагы фейктердин каралоосу 

«Айгерим Бекбоева» 

«Айгерим Бекбоева» аттуу Фейсбук колдонуучусу Дилбар Алимованы «Бишкек шаарынан 4 батир сатып алган» деген калп билдирүүнү биринчилерден болуп жазып чыккан. Бирок ал постунда бир гана квартиранын кадастрдын маалыматын көрсөткөн.  

“ПолитКлиника” медиасы буга чейин “Айгерим Бекбоева” фейк экенин аныктаган

“Айгеримдин” баракчасындагы сүрөттөр мурун ВКонтакте социалдык тармагында казакстандык Мария Куланбекова аттуу колдонуучунун баракчасына жарыяланган.

“Айгерим Бекбоева” Фейсбукта 2022-жылдын аягында пайда болгон. Өзүнүн баракчасына уурдалган сүрөттөрдү жүктөгөндөн тышкары, башка постторду жарыялаган эмес. Бирок учурда 3 жарым миңден ашык досу бар. “Айгерим” жеке баракчасында анча активдүү болбогону менен, түрдүү тайпаларга саясатташкан билдирүүлөрдү бөлүшүп турат. 

Зарлыкова Махабат

Фейсбуктагы “Зарлыкова Махабат” аттуу колдонуучу дагы Дилбар Алимова тууралуу билдирүүнү тайпаларга бөлүшкөн. 

Баракчанын башкы бетинде турган сүрөттүн баштапкы булагы Инстаграмдагы _kunntay баракчасы болуп чыкты. “Махабат” Аяна аттуу казак кызынын сүрөтүн колдонгон. Демек, бул аккаунт — фейк. 

“Махабат” дагы өзүнүн баракчасында активдүү болбогону менен, түрдүү тайпаларга активист, оппозициячыл саясатчы, эркин журналисттерди каралаган билдирүүлөрдү бөлүшүп келет. Анын постторунун биринен, буга чейин фейк экени аныкталган “Нургазы Айдарбеков” комментарий калтырганын байкадык. 

Дилбар Алимованы жана башка журналисттерди каралоого активдүү катышкан аккаунттарды анализдеп көргөндө алардын басымдуу бөлүгү фейктер экенин көрүүгө болот.  

Алар бирдей эле убакта, белгилүү бир фигурантты каралоо өнөктүгүнө катышат. Кээде жазган тексттери бири-биринен такыр айырмаланбайт. Төмөндөгү фейк жана троллдор бөлүшкөн посттор окшош экенин байкоого болот. 

Санариптик калп: Социалдык тармактарда журналисттерди каралоого кимдер катышты? 
Санариптик калп: Социалдык тармактарда журналисттерди каралоого кимдер катышты? 
Санариптик калп: Социалдык тармактарда журналисттерди каралоого кимдер катышты? 
Санариптик калп: Социалдык тармактарда журналисттерди каралоого кимдер катышты? 
Санариптик калп: Социалдык тармактарда журналисттерди каралоого кимдер катышты? 

активдүү эмес. Алар эркин медианын өкүлдөрү, оппозициячыл маанайдагы саясатчы, активисттерди каралаган билдирүүлөрдү түрдүү тайпаларга бөлүшүшөт. Бирок фейктер ишенимдүүлүк жаратуу үчүн бири-бирине катталып, сүрөттөрүнө комментарий калтырып коюшат.

УТРКнын троллдору

Эркин журналисттерди массалык каралоого бир гана фейктер эмес, Улуттук телеканалдын кызматкерлери да активдүү катышты. Алар фейктер тараткан маалыматтарды бөлүшүп, кастык тилин колдонуу менен эркин медиа өкүлдөрүн негизсиз айыптап чыгышты. 

Мисалы, Усубалы Каганат аттуу УТРКнын ошол кездеги кызматкери Дилбар Алимованы “Европадан тапшырма түшүп, ошонусуна акча алса керек” деп жазып чыккан

Нурия Исакулова 

Каралоого катышкан дагы бир УТРКнын кызматкери —  Нурия Исакулова. Ал Фейсбук баракчасында телеканалда иштейм деп расмий көрсөткөн эмес. Бирок жарыялаган сүрөттөрүнөн анын УТРКнын офисинде отурганын көрүүгө болот. 

Нурия Исакулова камалган 11 журналисттин үй-бүлөсүнө жардамга деп акча чогултуу демилгеси көтөрүлгөндө “ПолитКлиниканын” башкы редакторун “кызматкерин карабай таштап салды” деп айыптаган. 

Бирок кармалган журналисттерге жардам берүү үчүн элден акча чогултуу демилгеси Алимова тарабынан көтөрүлгөн эмес. Акчаны Кыргызстандагы медиалардын аракеттеги платформасы чогулткан.

Баяна Кулова 

Баяна Кулова аттуу Фейсбуктун активдүү колдонуучусу 16-январда Дилбар Алимова тууралуу пост жарыялаган. Ал дагы жогорудагы фейктер колдонгон “Кадастрдын” документин көрсөтүп, ал тургай, Алимованын батиринин баасын да жазган. Бирок бул маалымат мекеменин документинде көрсөтүлгөн эмес болчу. Ошондой эле, Кулова Дилбар Алимованы “сөз эркиндиги, адам укугу деген атка жамынып алып, Кыргызстанда салттуу түшүнүктөрдү талкалап, үй-бүлөлүк баалуулуктарды бузуп, бир жыныстуу никени пропаганда кылгандардын бири” деп айыптаган. 

Баяна Кулова фейк эмес. Ал Салык кызматында иштеген муниципалдык кызматкер. 

Салык кызматынын текшерүүсү

Бул массалык каралоолорго улай эле Дилбар Алимованын жеке киреше булактарын Салык кызматы текшерген. Аталган кызмат жиберген катта фейк аккаунттар колдонгон маалыматтар дагы бар.

Биринчи май райондук салык кызматы билдирүү катында Дилбар Алимованы 2019-2022-жылдар аралыгында декларация тапшырбай жүргөн деп билдирген. Алимова аларга жооп катары Свердлов райондук салык кызматына тапшырып жүргөн декларациясынын көчүрмөлөрүн көрсөткөн. 

Экинчи дооматында салык кызматы 2019-жылы алган 34,8 чарчы метр болгон Тунгуч кичирайонундагы 73/1 49-батирин декларациясында көрсөткөн эмес деп жазган. Алимова бул дооматка жооп катары бул квартираны 2011-жылдан тартып 2019-жылга чейин Үлүштүк катыш келишиминин негизинде (Договор о долевом участие) 8 жыл аралыгында бөлүп төлөгөнүн айтат. Буга далил болчу документтердин, дүмүрчөктөрдүн көчүрмөлөрү тиркелет. Бул батир салык төлөнбөй турган мүлктөрдүн катарына кирет жана ал менин салык декларациямда көрсөтүлгөн.

Андан ары Салык кызматы Бишкек шаарынын Аалы Токомбаев көчөсүндөгү 29-үйдүн 98-батир дарегиндеги 137,8 чарчы метр болгон батирди “Падыша-Ата лимитед” компаниясынан 14 717 040 сомго 05.12.2023-жылы сатып алган деген калп маалыматты жазат. Буга жооп катары бул батирдин баасы 8 005 823 сом экенин жана дагы бул квартира 2019-жылдан бери котлован кезинен тартып Үлүштүк катыш келишиминин (Договор о долевом участии) негизинде сатылып алынганын далилдеген документтердин көчүрмөлөрү тиркелет. Жана дагы бул батир 2023-жылдын 5-декабрында катталган жана 2023-жылга карата бирдиктүү декларацияда 2024-жылдын май айына чейин көрсөтүлөт. 

Кызыгы, салык кызматынын эскертүүсүндө Бишкек шаарынын Тунгуч кичирайонундагы 73/1, квартира 29 дарегиндеги 34,7 чарчы метр квартираны 743 100 сомго сатып алган деп калп маалымат жазылат. Бул батир Дилбар Алимовага такыр тиешеси жок жана тиешеси болгон дагы эмес. Кадастрдан чыккан маалыматтар буга далил болуп турат.

Демек, фейктер жана айрым троллдор жазып жаткандай бул жакта 4 батир эмес, кеп 2 гана батир тууралуу сөз болуп жатат. Аларды бир канча жылдар бою бөлүп төлөө жолу менен сатып алынганына дүмүрчөктөр далил болуп турат.

Терс маанайдагы комментарийлер окшош эле колдонуучулар тарабынан жазылат 

Ютубдагы эркин журналист, оппозициячыл саясатчы жана коомдук активисттерди каралоочу маанайдагы видеолордун астындагы негативдүү билдирүүлөр окшош эле колдонуучулар тарабынан жазылат. 

Мындай видеолорго комментарий калтырган айрым аккаунттарды карап көрдүк. 

Мисалы, Zikir Bolot аттуу аккаунт “Саясат” каналындагы Мадумаров, эркин журналисттер жана Дилбар Алимова тууралуу видеолорго терс маанайдагы билдирүүлөрдү калтырган. Анда ал “атып салгыла, сабатсыз журналисттер, эшек блогерлер” деп кастык тилин бир нече жолу колдонгон. 

Зуракан Тумакова аттуу колдонуучу Болот Темировго карата жасалган каралоочу маанайдагы видеого “ырайы суук, Кыргызстанда эмне кылып жүрөт?” деген комментарий калтырып кеткен. 

Ал эми Замир Мусаев аттуу Ютуб колдонуучусу атайын кызматка эркин журналисттердин жеке мүлктөрүн тартып алууну сунуштаган. 

Мындан башка дагы каналдын видеолорунда жалаң негативдүү комментарий калтырган окшош аккаунттар ондоп саналат.  

Заманбап маалымат мейкиндигинде фейктер чындыкты бурмалап, калк арасында жасалма маанай жаратуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп турат. Бул коомдо олуттуу көйгөйлөрдү жаратат. 

Социалдык тармактарда чын экенинен күмөн санаган маалыматка туш болсоңуз, ал билдирүүнү таратып жаткан аккаунтту текшерип чыгыңыз.  

Маалымат алууда абайлаңыз! 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты