“Чала блогер эмес, менин балам журналист!”
- 5 месяцев мурун
- Иликтөөлөр
Президент Садыр Жапаров 2021-жылы Бишкекте өткөн маалымат жыйынында журналисттерге куугунтук болбой турганын айткан.
“Биз журналисттин аркасынан куугунтуктаган жокпуз жана куугунтуктабайбыз дагы. Же журналисттерди араңардан бирөөнү куугунтуктап, алып барып сурак кылгандар барбы? Негизсиз! Жокпу бир жылдан бери?! Мен баарына айтып жатам, УКМКга дагы, ИИМге дагы. Мейли, кайсы журналист, кимиңерди каралап жазбасын, кудайга коюп койгула, болду! Сотко дагы бербегиле. Мурдагы бийликти билесиңер да, миллиондоп сотко берип, болор-болбос сөз үчүн эле сандалып эле жүрчү эмес белеңер сотто. Андай болбойт. Журналисттерге куугунтуктук такыр кылбайбыз”, — деп билдирген Садыр Жапаров.
“Эрте менен саат 6да эшик такылдады. “Кимдер келди?” деп чоочуп ойгондук. Тыныстан туруп эле, “ачпай тургула, ким келгенин ким билет!” деп калды. Алар эшикти тарсылдатып, күтүп турушту. Мен “азыр кийинип, жыйналып атышат” десем, эшикти катуу, катуу тарсылдатып, “Тыныстан, ач, ач эшикти… Биз сага келдик, тергөө бөлүмүнөн келдик” деп калышты”, — деп эстейт 16-январды журналист Тыныстан Асыпбековдун атасы Бекназар Абдылдаев.
Ушул жылдын 16-январында Ички иштер министрлиги “Темиров Live” редакциянын мурдагы жана азыркы кызматкерлеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн суракка алып кеткен. Он сааттан ашык созулган сурактан кийин 11 журналист 48 саатка камакка алынган.
17-январда Бишкектин Биринчи май райондук соту кармалган журналисттердин баарын 13-мартка чейин камакка алуу чечимин чыгарган.
Журналисттердин адвокаттары апелляциялык арыз менен Бишкек шаардык сотуна кайрылган. Бишкек шаардык соту алардын бөгөт чарасы боюнча арыздарын карап чыгып, райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.
Камакка алынган журналисттердин тизмеси: “Темиров Live” редакциясынын жетекчиси, Кыргызстандан чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темировдун жубайы Махабат Тажыбек кызы, “Темиров Live’дын” кызматкерлери Максат Тажыбек уулу, Акыл Орозбеков, Айке Бейшекеева, мурдагы кызматкери Жумабек Турдалиев. “Айт Айт Десе” долбоорунун кызматкерлери Азамат Ишенбеков, Сапарбек Акунбеков, “ПолитКлиника” медиасынын журналисти Тыныстан Асыпбеков, “Нур Пресс” медиасынын журналисти Жоодар Бузумов, “Арча Медианын” журналисти Сайпидин Султаналиев, “Алга медиасын” иштетип жаткан Актилек Капаров.
ИИМ Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин үчүнчү бөлүгү “Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүү чакырыктар” боюнча айып коюлгандыгын билдирген. Бирок камалган журналисттер айып менен макул эместигин айтып жатышат.
– “Макул эмесмин! Коюлган айыпты окусаң, күлкүң эле келет. Массалык башаламандыкка катыштыгы бар деп жатат. Экспертизанын жыйынтыгын окусаң, күлкүң эле келет. Жомок да бул!”.
– “Макул эмесмин! Коюлган айыпты окусаң, күлкүң эле келет. Массалык башаламандыкка катыштыгы бар деп жатат. Экспертизанын жыйынтыгын окусаң, күлкүң эле келет. Жомок да бул!”.
– “Биздин журналисттик ишмердүүгүбүзгө эле байланыштуу бардыгы”.
– “Мыйзамсыз болуп жатат. Мен буга макул эмесмин!”
“Балаңыз эки саатта келип калат”
Камалган журналисттердин бири Актилек Капаровдун апасы Кундузбү Маматова баласына коюлуп жаткан айыпты четке кагып, бийликти басып алууга барбастыгын айтты:
“Азыркы тагылган айыптары боюнча мен айтпасам деле бардыгына белгилүү болуп атпайбы. Чынында үйдүн ичинде тынч жүргөн бала көчөгө чыгып алып элди үгүттөп, бийликти басып алат деген жалаага мен каршымын. Бул чындыкка жатпайт. Ата-энеси менен бир үйдө чогуу уктап аткан бала мамлекетти ошентип басып алмак беле? Актилектин аркасында толгон армиясы же байлыгы болбосо. Актилек “Темиров Лайвдын” командасынан кеткенине жарым жылдай болду. Акыркы козголгон иштер боюнча баламдын эч кандай тиешеси жок. Күбө катары кеткен балам шектүү катары кармалып атканы акыйкатсыз”.
Акыркы бир жарым жылдан бери биздин, тагыраагы, “ПолитКлиника” медиасында иштеп жаткан Тыныстан Асыпбеков дагы кармалган журналисттердин арасында. Анын атасы Бекназар Абдылдаев тинтүү учурунда башаламандыкка чакырыктын белгилери бар эч нерсе табылбаганын айтып берди.
“Мага “башаламандык кылабыз деген барактарын, документтерин алып чыккыла, бергиле” дешти. Бирок мен андай эч нерсе жок экенин айттым. Ага деле болбой баарын тинтип карап чыгып, акт түзүштү. Тыныстан баарын өзү окуп чыкты. Тыныстандын сумкасында эки карточкасы, паспорту бар экен, ошону алышты. Башка эч нерсе жок. Тергөөчү мага бул жерде эч нерсе жок, балаңарды эки саатка суракка алып эле кайра жиберебиз дешти. Биз ошого ишенип отуруп калдык да. Эч кандай каршылык көрсөткөн жокпуз. Эч күнөөсү жок баламды камап коюшту. Же бир үйдө башаламандыкка чакырган китептер болсо бир жөн”, — деп билдирди Бекназар Абдылдаев.
“Жолдошум дагы бир жолу инфаркт алып калбайбы деп корком”
“Арча Медиа” редакциясынын журналистти Сайпидин Султаналиевдин келинчеги Асел Молдоболотованын айтымында, жолдошу жүрөк оорусу менен жабыркайт жана түрмөнүн шарттары анын ден-соолугуна туура келбейт.
“Сайпидин көп жылдан бери жүрөктүн стенокардиясы менен жабыркайт. Кардиологдун каттоосунда турат. Ага стресс болгонго болбойт. Бир аз стресс болсо, сууктан, начар шарттан жүрөк оорусу кармап калат. 49 жашында кайын агам, 50 жашында кайын эжем ушул диагноздон, тилекке каршы, каза болушкан. Ошондуктан ден-соолугун аярлап карап турчубуз. Дайыма дарыгердин көзөмөлүндө болуп, дарысын берип, жакшы шарт түзүп бергенге аракет кылчумун. Азыр менин жүрөгүмдү өйүгөн башкы нерсе СИЗОдо кандай шартта болду экен, ооруп калбаса экен деп тынчсызданып жатам. Себеби, 2020-жылы бир жолу инфаркт алган. Анан дагы ошол нерсе кайталанбаса экен деп корком. Экинчиден, анын аброюна дагы шек келип жатат. Анткени Сайпидин Султаналиев ушул убакка чейин бир дагы башаламандык уюштурууга, коррупциялык иштерге аралашып, элге бүлүк салган эмес. Саясатка дагы аралашкан эмес. Жөн эле ден-соолугуна зыян келтирип жатышат”, — дейт Асель Молдоболотова.
“Чала блогер эмес, менин балам журналист!”
Президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде камалгандар “журналисттик билими жок катардагы блогерлер” экенин айткан:
“Биринчиден, кармалгандар кесипкөй журналисттер эмес. Алар социалдык тармактарды пайдаланып, ар кандай, анын ичинде өлкөнүн улуттук коопсуздугуна коркунуч туудурган маалыматтарды жоопкерчиликсиздик менен жарыялаган блогерлер.
Экинчиден, ар бир укуктук мамлекеттегидей эле, Кыргыз Республикасында дагы мыйзам алдында жоопкерчилик бар. Буга байланыштуу ар бир адам, биринчи кезекте өзүн журналист жана блогер эсептегендер маалыматтын аныктыгы үчүн жоопкерчилик тартууга тийиш.
Айрым блогерлер жана активисттер жалган маалыматтарды ачыктан-ачык жайылткан учурларга биз көп ирет күбө болдук. Көбүнесе аймактык, диний жана улуттар аралык кастыкты атайылап же аңдабастан козутуу аракеттери, конституцияга каршы аракеттерге жана башаламандыктарга чакырыктар болгон”.
Бирок камалган журналисттердин жакындары буга макул эмес.
“Менин оюмча, журналистика — бул ачык кесип. Журналист болуш үчүн журналистика факультетин гана бүтүрүш керек деген бул туура эмес. Журналист болуш үчүн адамдын жогорку билими, анан кругозору керек деп ойлойм. Анан “булар журналист эмес экен, блогерлер экен, мындай эле соцтармактарга жазып жүргөн адамдар” деп айтылган туура эмес маалыматтар. Анткени ошол 11 журналисттин баары тең жогорку билимдүү адамдар. Сайпидин жөнүндө айта кетсем, ал жогорку билимдүү мугалим. Көп жылдар бою мугалим болуп иштеген. Бирок бала кезден бери жакшы көргөн кесиби журналистика болчу. Биз миграциядан келгенден кийин журналистикага аралашты. Ага дагы жөндөн жөн эле аралашпастан, окуулардан өттү. Ал дайыма окуп, билимин жогорулатып келет”, — деген оюн билдирди Асел Молдоболотова.
“Менин уулумду ак жеринен “чала блогерлер” деп каралап атышат. Мен ага макул эмесмин, балам өзүнүн кесибин сүйгөн чыныгы журналист. Жогорку окуу жайын бүтүргөндүгү тууралуу дипломдору дагы бар. Балам ак жеринен эле камалганына ичим ачышып турат. Азыр да балам тууралуу ар кандай кептер айтылып атат. Мен ал нерселерге кошулбайм. Токтоо мүнөз, чынчыл, акты ак, караны кара деп айтып, мекенин сүйгөн эле балам бар. Баламды эч далили жок эле кармап кетип атканына таң калып атабыз. Сот акыйкат чечим чыгарып, балдарыбызды боштондукка чыгарып беришин талап кылат элек. Жөн жерден эле жаш балдардын тагдырын талкалап, түрмөгө отургузуп коюу деле туура эмес деп ойлойм”, — деп билдирди журналист Тыныстан Асыпбековдун апасы Анаркүл Мамбеткулова.
Ал эми журналист Актилек Капаровдун апасы Кундузбү Маматова уулу өз күчү менен журналисттик билим алганын айтат.
“Актилек өзү кичинекейинен эле зирек, ичинен бышкан тынч жүргөн бала. Өспүрүм курагында деле шарактап көчөмө-көчө кыдырып же кимдир бирөө менен урушуп, бирөө менен түртүшүп, эч бир жаман жорукка барган жок. Тирмейип тиктегени китеп, телевизор болду. 11-классты бүтүп, журналисттик окуусуна өз күчү менен өтүп, өз күчү менен жогорку окуу жайды аяктады. Журналистика өзү сүйүп тандаган кесип болду”.
“Террористтерди кармагандай кармабай, биринчи повестка жиберсе болмок”
“Аны үйүнөн таң атпай барып террористти кармагандай кармап кетпей атайын повестка жиберсе, келмек. Эгерде повесткасына барбай, тоготпой койсо, ошондо кармаса болот болчу”, — деген пикирин билдирди Такен Молдакулов.
Жактоочулар журналисттерди кармоо учурунда бир катар мыйзам бузуулар болгондугун айтышат. Ошондой эле, алар айыпталып жаткан журналисттерди камакка алып, тергөө жүргүзүүгө негиз жок деп эсептешет.
“Тергөөчү бир дагы жолу Асыпбеков Тыныстанды тергөө амалдарына чакырган эмес. Анан Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде так жазылган, эки айдын ичинде тергөө амалдары жүрбөсө, бөгөт коюу чарасы үй камагына же кетпөө тил кат менен деп өзгөрүлөт деп. Ошондуктан биз ойлойбуз, 13-мартка чейин бөгөт чарасы каралса, сотко өтүнүч келтиребиз, үй камагына өзгөртүп бергиле деп”, — деди Асыпбековдун адвокаты Жаныш Бараков.
“Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. Бузумов Жоодар башкалар менен бирге эле Бишкек шаарындагы СИЗО-21де кармалууда. Буларга КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү коюлуп атат. Бул массалык башаламандыкка чакыруу болот. Башка журналисттердей эле мен Бузумовдун бир дагы жолу бул беренеге төп келген кыймыл-аракетин көргөн жокмун. Биринчиден, Бузумовдун “Айт Айт Десе” долбоорунун чыгып кеткенине алты айдан ашып калган”, — деди жактоочу Такен Молдакулов.
Журналисттердин жактоочуларынын айтымында, лингвистикалык экспертиза мыйзамсыз жасалган жана экспертизага алынган материалга алардын коргоочуларынын тиешеси жок.
“Тергөө лингвистикалык экспертиза жүргүзүү жөнүндө токтом чыгарып жатканда сөзсүз жактоочуну же Тыныстандын өзүн чакырып туруп тааныштырыш керек. Эмнеге дегенде, Тыныстандын же жактоочусунун лингвистикалык экспертке суроолору пайда болуп калышы мүмкүн. Ошол суроолорубуз коюлган эмес, анан чыккан токтом менен тааныштырган эмес. Ал токтомду лингвистикалык экспертизанын жыйынтыгы чыккандан кийин кошо тааныштырып жатат. Ошондуктан биз тергөө амалдарына барып таанышканда лингвистикалык корутундуга жазганбыз. “Биздин маалыматыбыз жок өткөрүлгөн мыйзамсыз чыккан лингвистикалык корутундуга толугу менен макул эмеспиз. Анткени биздин суроолор жок, Асыпбеков Тыныстандын ошол лингвистикалык экспертизада тиешелүү делген бир дагы жери жок”, дейт Жаныш Бараков.
Ушундай эле пикирди Жоодар Бузумовдун адвокаты Такен Молдакулов дагы билдирди:
“Экинчиден, лингвистикалык экспертизага берилген материалдарга дагы Бузумов Жоодардын эч кандай тиешеси жок. Биз билгенден лингвистикалык экспертизага ошол чыккан материалдар берилет. Эксперт ушуларда чакырык барбы же жокпу деп жыйынтык чыгарып берет. Ал материалда Бузумовдун сүйлөгөн сөздөрү, жазган тексттери гана эмес, өзү дагы жок. Бузумовдун бул коюлуп аткан беренеге эч кандай тиешеси жок. Же атайын репортажы, же пикири, же иликтөөсү болбосо, жок дегенде кадр аркасындагы текстти окуган эмес да бул. Мен ойлойм, эртерээк иш сотко өтүп кетсе, Жоодар акталат деп эле күтүп атам. Себеби, менин колумдагы документтерге караганда, 278-берененин 3-бөлүмүндө көрсөтүлгөн иш-аракеттери Бузумовдун иш-аракеттеринде таптакыр жок”.
“30 жылда мындай репрессия болгон эмес”
Кемпир-Абад иши боюнча камакка алынып, иши сотто каралып жаткандардын бири, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова мындай массалык камоолор буга чейин болбогонун айтат. Ал журналисттерге карата мындай кысым мамлекеттин аброюна зыян келтирет деп эсептейт.
“Кайсы бийлик болбосун журналисттерди жана эркин массалык маалымат каражаттарын куугунтуктагандан абайлап турушат. Анткени бул ошол эле замат резонанс болуп кетет. Мамлекеттин аброюна чоң зыяны тиет. Ага карабастан массалык түрдө, активисттерди, оппозициялык маанайдагы саясатчылар Кемпир-Абад маселеси боюнча жабылгандай эле бул жерде дагы массалык болуп кетти. 30 жылдын ичинде мынчалык репрессия болгон эмес. Куугунтуктар болуп атты. Бакиевдин учурунда деле канча деген журналисттерди өлтүрүп койгонго чейин барып атышты. Бирок массалык түрдө болгон эмес. Эмнеден мындай саясат жүрүп атат? Менин оюмча, бул белгилүү эле нерсе. Өткөндө Кемпир-Абад боюнча деле айтып атышпадыбы, “булар бизге реформа жасаганга, мамлекеттик чечимдерди кабыл алууга тоскоолдук түзүп, жолтоо болуп атат” деп. “Биздин жүргүзүп жаткан саясат жөнүндө терс пикирлерди жүргүзүп атат” деп эле ачык айтып атышты. Журналисттерге деле ушул эле айыптар коюлат, көрөсүңөр го. А бирок бир дагы мыйзамда сын айтуу боюнча тыюу салынган эмес да”.
“Алар душман эмес. Болгону тарбиялык маселе”
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов “Азаттыктын” “Эксперттер талдайт” берүүсүндө журналистттерди “тарбиялоо” максатында камакка алышканын билдирген:
“Биздин жанагы жаш балдар, алар, албетте, душман эмес. Алар, албетте, жаңылышкан. Алар бала баладай, көзү башы чарадай. Алардын эч кандай чыккынчылык маселеси жок. Аларды президентибиз болобу, күч органдары болобу, соттор болобу түрмөдө чирители деген ою жок. Бул тарбиялык маселе. Бул аталык, агалык милдет”.
Бирок эксперттер Конституцияда же кайсы бир мыйзамда тарбиялоо үчүн камакка алуу деген норма жок экиндигин билдиришти.
“Эдил Байсалов “биз жазалоо максатында эмес, тарбиялоо максатында камап атабыз” деп айтты. Кайсы мыйзамда “тарбиялоо максатында адамды эркинен ажыратып, үй-бүлөсүнн боздотуп, сыздатып камап койсо болот” деп жазылган? Кайсы мыйзамда жазылып турат? Менин оюмча, бул туура эмес саясат. Кандай болбосун өлкөдө нааразы болгондор, мамлекеттин саясатына макул болбогон адамдар болот. Ансыз болбойт, дайыма эле болуп келген. Эгерде баш көтөргөндөрдүн баарын эле камап, жазалай берсе, эртеби-кечпи ошол күчтөр радикалдашып кетет”, — деп билдирди Клара Сооронкулова.
“Көз карандысыз маалымат каражаттары өлкөдө бардык демократиялык коомчулук үчүн зарыл”
«Жарандык укуктардын коргоочулары», Human Rights Watch, Адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк (IPHR), Адам укуктары боюнча эл аралык федерация, Кыйноолорго каршы эл аралык уюм жана Укук коргоочуларды коргоо обсерваториясы, Норвегия-Хельсинки комитети, People in Need, жана Адам укуктары боюнча Хельсинки фонду, Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча кеңсесинин өкүлү Кыргызстандагы жагдайларга байланыштуу билдирүү жасады. Анда алар Кыргызстандагы эркин медиаларга жана журналисттерге карата кылмыш иштерин токтотууга, сөз эркиндигин коргоого чакырышты.
Ошондой эле, Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү, Австриянын, Бельгиянын, Финляндиянын, Франциянын, Германиянын, Латвиянын, Литванын, Нидерланддардын, Португалиянын, Испаниянын жана Швециянын элчиликтери Кыргызстанда журналисттердин кармалышына байланыштуу тынчсыздануусун айтышып, биргелешкен билдирүү жарыялашкан.
Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчилиги дагы өзүнүн билдирүүсүндө Кыргызстандагы журналисттердин айланасындагы акыркы окуялар өлкөдөгү сөз эркиндигине кооптуу жагдай жаратканын жазган:
«Кыргызстан ар дайым эркин маалымат каражаттары жана сөз эркиндиги менен сыймыктанып келген. Көз карандысыз маалымат каражаттары өлкөдө бардык демократиялык коомчулук үчүн зарыл. Журналисттер элди маалымат менен камсыздап, коомдогу ачыктыкты камсыздоодо чоң роль ойнойт. Биз бийликти журналисттердин ишмердүүлүгүнө эркин жана коопсуз шарт түзүп берүүгө чакырабыз”.
Ал эми “Журналисттерди коргоо комитети” эл аралык уюму Кыргызстандын бийлигин камактагы 11 журналистти бошотууга чакырды.
“11 журналистти камакта калтыруу – Кыргызстандын жаңы тарыхындагы басма сөз эркиндигине жасалган кайталангыс кол салуу. Кыргызстандын бийлиги өлкөнүн “Борбор Азиядагы сөз эркиндигинин аралчасы” деген эски репутациясынан айрыганы турушат. Бийлик Темиров LIVE редакциясынын мурдагы жана азыркы журналисттерин токтоосуз түрдө бошотушу керек жана аларга тагылган жасалма айыптоолорду алып, көз карандысыз журналисттерди куугунтуктоону токтотушу абзел”, – деп айтылат комитеттин Европадагы жана Борбор Азиядагы программасынын координатору Гүлноза Саиддин сөзүндө.
Сөз эркиндигинин абалы сандар менен
“Чек арасыз кабарчылар” эл аралык уюму жыл сайын өлкөлөрдөгү сөз эркиндигинин абалына сереп салып, басма сөз эркиндигинин дүйнөлүк рейтингин түзүп келет. 2022-жылга карата Кыргызстан басма сөз эркиндиги индексинин дүйнөлүк рейтингинде 180 өлкөнүн ичинен 72-орунда турган. Бирок 2023-жылы 50 орунга ылдыйлап, 180 өлкөнүн ичинен 122-сапка жайгашкан.
Кыргызстанда соңку жылдары көз карандысыз ЖМКларга, журналисттерге, жарандык активисттерге жана блогерлерге болгон басым күч алды. Бул тууралуу эл аралык уюмдар журналист, активисттерге, ЖМКларга карата коркутуулар, козголгон кылмыш иштери, өлкөдөн мыйзамсыз чыгартылышына байланыштуу кайрылууларда айтып келишет.
Ал эми Freedom House эл аралык уюмунун “Дүйнөдөгү эркиндик — 2023” докладында Кыргызстан үчүнчү жыл катары менен “эркин эмес” өлкөлөрдүн катарына кирди.
Даярдаган: Кымбат Турдубекова, Ырысбү Кылычбек кызы