Бишкек шаардык прокуратура Kloop басылмасын жоюу боюнча сотко кайрылды

  • 8 месяцев мурун

Бишкек шаардык прокуратурасы Kloop.kg порталын жоюу демилгесин көтөрүүдө.

Документте “Жарыяланган материалдардын көбү негативдүү, мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өкүлдөрүн дискретизациялоого багытталган. Азыркы бийликтин жүргүзгөн саясатын кескин сындап, мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын өкүлдөрүнүн кадыр-баркын кетирүүнү көздөгөн терс мүнөздөгү маалыматтары басымдуулук кылары” айтылган.

2021-жылы 2-ноябрда  Kloop.Media коомдук фондунун бийликти басып алууга чакырык таштоо боюнча УКМК сотко чейинки өндүрүштү баштаганы жана экспертиза дайындалганы да белгиленген. Бишкек шаарынын прокурору Эмилбек Абдыманнаповдун жазганы боюнча Kloop.Media коомдук фонд катары катталып,  ЖМК катары мамлекеттик реестрде катталган эместиги айтылат.

Башкы прокуратура жана Октябрь райондук сотунун басма сөз кызматы кайрылуу болгонун ЖМКга тастыктаган.

Белгилей кетсек, Kloop.kg бийликтин ишмердүүлгүн курч сынга алган медиалардын бири. “Клооптун” соңку иликтөөлөрүнүн биринде мамлекеттин жерине “Барселона” академиясынын имаратын салууга УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин балдары жана мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жакындары, “Росатом” компаниясынын Казакстанда көмүр казган күмөндүү өнөктөшү аралашып жатканы жөнүндө сөз болгон.

Кийин президент Садыр Жапаров “Кабар” улуттук агенттигине курган маегинде буга жооп берип, “Клооп” баштаган сайттарга кайрылып, аларды “жалаң негатив жазып, инвесторлорду качырып жатат” деп айыптаган.

“Клооп” 2008-жылдан бери иштейт. Басылма бир катар чуулгандуу иликтөөлөрү үчүн эл аралык сыйлыктарга татыган.

Бишкек шаардык прокуратура Kloop басылмасын жоюу боюнча сотко кайрылды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты