Райондук сот ЭлТРдин “ПолитКлиникага” каршы доо арызы боюнча соттун чечими чыкты

  • 8 месяцев мурун

Кечээ, 25-сентябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда ЭлТРдин “ПолитКлиника” медиасына каршы доо арызы боюнча чечим чыгып, сот доогердин суранычын жарым-жартылай канааттандырды. 

“ПолитКлиниканын” журналисти Тыныстан Асыпбек тарабынан “Детектор” көрсөтүүсүндө “ЭлТР телеканалынын кезектеги калпын жана манипуляциясын айтып беремин”, “2020-жылдан октябрь айынан тартып, өлкөнүн энерго тармагына сырттан насыялар алынган. Журналисттердин С.Жапаров мезгилинде энергетика тармагына бир да сом карыз алынган эмес деп маалымат тараткандыгы калп экенин далилдеп турат”,“Башкача айтканда ЭлТР телеканалынын журналисттери С.Жапаровдун учурунда энергетика тармагына бир да сом карыз алынган жок деген маалымат жалган жана манипуляция болуп эсептелинет” деген сөздөрүн төгүндөө чечимин чыгарды.

Ал эми доогердин башка өтүнүчтөрү канаттандырылган жок. 

“ПолитКлиниканын” кызыкчылыгын сотто коргогон юристтердин айтымында, соттун чечими 5 жумушчу күндө колго тиет, ошондон кийин ага анализ жүргүзүп, апелляциялык арыз даярдоо маселеси талкууланат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты