Жогорку Сотто «Вечерний Бишкектин» Kaktus.media’га каршы доо арызы боюнча чечим чыкты

  • 6 месяцев мурун

Бүгүне, 10-ноябрда Жогорку Сотто «Вечерний Бишкектин» Kaktus.media’га каршы доо арызы боюнча чечим чыкты. Бул тууралуу Kaktus.media’нын сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, журналист Диля Юсуповага буга чейинки эки инстанцияда салынган 500 миң сом айыпты 100 миң сомго түштү. Калган чечим өзгөртүүсүз калтырылды.

23-майда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда «Вечерний Бишкек» гезитинин «Кактус Медиа» сайтына каршы доо арызы каралган.

Соттук териштирүүгө «Кактус Медиа» сайтына жарыяланган «Вечерний Бишкек» гезитинин жабылышы жана кызматкерлеринин жумуштан айдалганы тууралуу макала себеп болгон.

Басылма «Кактус Медиада» жарыяланган макаладагы маалыматтар чындыкка дал келбей турганын айтып, андагы маалыматтарды төгүндөөнү талап кылууда.

«Вечерний Бишкек» соттон «Кактус Медиадан» жалпы 50 миллион сом кенемте өндүрүп берүүнү өтүнгөн.

Биринчи Май райондук соту Кактус Медиа” жарыялаган макаладагы маалыматты чындыкка дал келбейт деп таануу тууралуу доо арыз жарым-жартылай канааттандырылды. Кабарчы 500 миң сом, “Промедиа Плюс” коомдук фонду 500 миң сом төлөөгө милдеттендирилди, мындан тышкары 700 сомдук мамлекеттик алым төлөө талабы да коюлду.

4-сентябрда Бишкек шаардык сотунда “Вечерний Бишкек” гезитинин Kaktus.media сайтына каршы доо арыздарды карап, Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты