“Клооп” иши: Сот Александров менен Дуулатовду 5 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарды

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 17-сентябрда, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда «Клооп» басылмасынын мурдагы операторлору Жоомарт Дуулатов менен Александр Александровду жалпы режимдеги абакка а 5 жылдан эркинен ажыратуу чечимин чыгарды. Ал эми эки эсепчиге 3 жылдан пробация режими берилди.

Прокурор “Клооп” басылмасынын мурдагы операторлору Жоомарт Дуулатов менен Александр Александровду жалпы режимдеги абакка 8 жылга, ал эми башкы бухгалтерди 6 жыл, мурдагы бухгалтерди 6 жылга эркинен ажыратууну суранган.  

Адвокаттар иште бир дагы далил жок экенин билдирип, аларды актоону суранышты.

Сотто лингвистикалык экспертиза жүргүзгөн эксперттер Болот Темировдун иликтөөлөрүндө “Клооп” боюнча маалыматтар жок экенин билдиришти.

16-сентябрдагы сот отурумунда «Клооп» басылмасынын мурдагы операторлору Жоомарт Дуулатов менен Александр Александров мурдагы көрсөтмөлөрүндөгү күнөөнү мойнуна алгандарынан баш тартышты.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту “Клооптун” оператору Александр Александров менен мурдагы оператор Жоомарт Дуулатовду  эки айга камоо чечимин чыгарган.

29-майда “Клооптун” дагы эки кызматкери – Абдил Төрөбаев менен Сымбат Баймурзаева кармалган. Алар журналисттердин чыгармачыл иши менен тиешеси жок экени айтылган. Сурактан кийин Абдил Төрөбаев бошотулган, ал эми Сымбат Баймурзаеваны “Клооптун” кеңсесине адвокаты жок алып барып, техника жана бухгалтердик документтерди УКМК кызматкерлери алып кетишкени маалым болгон.  

«Клооп» басылмасынан кармалгандардын арасынан Айдай Эркебаева жана Зыягүл Болот кызы мурдагы кызматкер Зарина Садыгалиева бошотулду. Ошондой эле аталган басылманын журналисттери жана мурдагы кызматкерлери менен кошо кармалган эки кыз да бошотулганы маалымдалды.

28-майда эртең менен “Клооптун” эки кызматкери — Ошто Зыягүл Болот кызы менен Бишкекте Александр Александровду суракка алып кетишкени маалым болгон. Зыягүл Болот кызын Оштон Бишкекке учак менен алып келишкен. Андан кийин Айдай Эркебаева суракка алынганы айтылды. Ошондой эле “Клооптон” 2023-жылы кызматтан бошонуп кеткен Зарина Садыгалиева да суракка чакырылган.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Массалык тартипсиздикке чакыруу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында башкы видео редактор А.А.Н. жана оператор монтажер кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин билдирген.

Сүрөт: Клооп

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты