“Клооптун” оператору Александров менен мурдагы кызматкери Дуулатов эки айга камалды
- 1 год мурун
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту “Клооптун” оператору Александр Александров менен Жоомарт Дуулатовду эки айга камоо чечимин чыгарды.
29-майда “Клооптун” дагы эки кызматкери – Абдил Төрөбаев менен Сымбат Баймурзаева кармалган. Алар журналисттердин чыгармачыл иши менен тиешеси жок. Сурактан кийин Абдил Төрөбаев бошотулган, ал эми Сымбат Баймурзаеваны “Клооптун” кеңсесине адвокаты жок алып барып, техника жана бухгалтердик документтерди УКМК кызматкерлери алып кетишкен.
Клооптун” уюштуруучуларынын бири Ринат Тухватшин Абдил Төрөбаев журналисттик кызматка тиешеси жок экенин, текст да жазбаганын, видео тасма да тартпаганын билдирди.
«Клооп» басылмасынан кармалгандардын арасынан Айдай Эркебаева жана Зыягүл Болот кызы мурдагы кызматкер Зара Садыгалиева бошотулду. Ошондой эле аталган басылманын журналисттери жана мурдагы кызматкерлери менен кошо кармалган эки кыз да бошотулганы маалымдалды.
Адвокат Бакыт Автандил кармалган кызматкерлерди адвокатсыз суракка алуу мыйзамсыз экендигин билдирди. “Клооптун” уюштуруучуларынын бири Ринат Тухватшин кызматкерлерди чындыгында уурдап кетишкенин, алардын кармалышынын себебин туугандарына, адвокатка да билдиришпегенин, алардын кайда экенин түш жарымында гана билүүгө мүмкүн болгонун айтты.
28-майда эртең менен “Клооптун” эки кызматкери — Ошто Зыягүл Болот кызы менен Бишкекте Александр Александровду суракка алып кетишкени маалым болгон. Зыягүл Болот кызын Оштон Бишкекке учак менен алып келишкен. Андан кийин Айдай Эркебаева суракка алынганы айтылды. Ошондой эле “Клооптон” 2023-жылы кызматтан бошонуп кеткен Зара Сыдыгалиева да суракка чакырылган.
Президенттик администрациянын маалымат саясаты бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков “Клооп” басылмасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине сурак берген журналисттеринин ар бирине иликтөөчү журналист Болот Темиров Батыштагы өнөктөштөрү аркылуу ай сайын 500-800 доллар берип, заказ менен иштетип жүргөнү аныкталды деп Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.
Ал эми иликтөөчү журналист Болот Темиров Фейсбук баракчасында «Клооп» басылмасы жана суракка алынган журналисттер тууралуу жооп берип, суракта болгон журналисттер менен байланышы жок экенин билдирген.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) “Массалык тартипсиздикке чакыруу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында башкы видео редактор А.А.Н. жана оператор монтажер кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин билдирди. Кармалгандардын көрсөтмөсүнө ылайык, мурдагы «Клооп Медиа» коомдук фондунун жетекчилери өлкөдөн сырткары жүргөндө ар кандай артыкчылыктар жана каржылык сый акылардын эсебинен жаш журналисттерди тартууну уюштурушкан» деп айтылат маалыматта.
Сүрөттө: Александр Александров менен Жоомарт Дуулатов. Интернет булактарынан




