«Шумкар» кыймылы жана Самат Кушбек, Сыргак Кенжебаев, Айдарбек Раев, Теңиз Бөлтүрүк экстремисттик деп табылды
- 6 часов мурун
- Жаңылыктар
“Шумкар” кыймылы жана ал кыймыл аркылуу ишмердүүлүгүн жүргүзгөн Самат Кушбек, Сыргак Кенжебаев, Айдарбек Раев жана Теңиз Бөлтүрүк Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун 2026-жылдын 12-октябрындагы чечими менен экстремисттик деп табылды.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жарандарды сак болууга жана экстремисттик, радикалдык идеяларды жайылткан уюмдардын ишмердүүлүгүнө тартылууга жол бербөөгө чакырат.
Буга чейин Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту тарабынан райондук прокуратуранын доо арызы канааттандырылып, Temirov Live, Kloop. kg « Айт Айт Десе” медиа долбоорлорунун маалыматтык материалдары экстремисттик деп табылган.
Соттор тарабынан террористтик же экстремисттик деп таанылган уюмдардын жана маалыматтык материалдардын расмий тизмеси Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын сайтында жайгаштырылган. Терррористтик же экстремисттик деп табылган тизме менен төмөнкү шилтеме аркылуу таанышууга болот.
Ички иштер министрлиги чет өлкө аймагынан Сыргак Кенжебаев кармалып, Кыргызстанга алынып келингенин билдирген.
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту саясий блогер, активист Сыргак Кенжебаевди 13-ноябрга чейин камакка алуу чечимин чыгарды. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” жана “Алдамчылык” беренелери менен айып тагылууда.
Сүрөттөр: Интернет булактарынан. Сүрөт-коллажы: «ПолитКлиника». Самат Кушбек, Сыргак Кенжебаев, Айдарбек Раев, Теңиз Бөлтүрүк.




