Экс-депутат Максат Кунакуновдун абактагы мөөнөтү өзгөртүүсүз калтырылды

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Максат Кунакуновдун тергөө абагындагы мөөнөтү өзгөртүүсүз калтырылды. Бул тууралуу чечимди Бишкек шаар соту 26-ноябрда чыгарды.

Буга чейин Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Максат Кунакуновдун абак мөөнөтү 10-декабрга чейин узартуу чечимин кабыл алган. Райондук соттун бул чечимине каршы анын жактоочулары шаардык сотко даттанышкан   

Экс-депутат Кунакуновдун камакка алынганы анын уулу Ала-Арчада каза тапкан учурунда коомчулукка белгилүү болгон. Тергөө абагындагы экс-депутат Максат Кунакуновго уулу, дайынсыз жоголуп, бүгүн Ала-Арча капчыгайынан сөөгү табылган Амир Кунакунов менен коштошуу зыйнатына катышууга уруксат берүү боюнча үй-бүлөсүнүн арызы канаттандырылды. Максат Кунакунов уулу менен коштошуу зыйнатына катышат.

9-ноябрда Адигине капчыгайында, Электро аттуу чокуда таштардын арасынан 14 жашар Амир Кунакуновдун сөөгү табылган. Баштапкы болжолдуу маалымат боюнча өспүрүм тоодо үшүгөнүнөн улам каза тапкан.

Буга чейин У.Ы. жана М.К. аттуу эки жаран кармалып, Бишкек шаардык милицясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Аларга алдамчылык боюнча айып тагылып, Биринчи май райондук соту камакка алуу чечимин чыгарган.

Арызда айтылгандай, жалпы келтирилген зыяндын көлөмү 3 миллион 450 миң долларды же 301 миллион 702 миң 500 сомду түзгөндүгү айтылды.

Экс-депутат Кунакунов өзүнүн иши жарандык иш экенин жана ал кантип кылмыш ишине айланып кеткенине таң калгандыгын билдирүүдө. Кунакунов мүлкүн күрөөгө койгон.

“Укугубузду коргой тургандар өздөрү аны тебелесе, бизди ким коргойт? Биз кандай коомдо жашап жатабыз?” деп суроо салды.   

Сүрөт: «ПолитКлиника»

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты