“Клооп” басылмасынын видео операторун суракка алып кетишкени маалымдалды

  • 1 год мурун

Бүгүн, 28-майда, түш ченде “Клооп” басылмасынын видео оператору Александр Александровду Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери (УКМК) суракка алып кеткени маалымдалды. Бул тууралуу аталган басылмадан билдиришти.

УКМК кызматкерлери тарабынан Александр Александровдун үйү тинтүүгө алынганы да айтылды.

Басылманын операторун кайсы маселеге байланыштуу суракка алып кеткени айтыла элек.

Буга чейин бүгүн “Клооп” басылмасынын журналисти  Зыягүл Болот кызынын үйү тинтүүгө алынып, өзү суракка алынганы кабарланган.  

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан   

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты