“Клооп” басылмасынын иши боюнча соттук отурум улантылды

  • 10 месяцев мурун

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда “Клооп” басылмасынын иши боюнча соттук отурум улантылды. Сотто эксперт-лингвист Таалайбек Абдыкожоев өз корутундусун берди.

«Клооптун» мурдагы эки оператору Александр Александров, Жоомарт Дуулатов жана эки эсепчисинин иши каралууда. 

Сотто лингвистикалык экспертиза жүргүзгөн эксперттер Болот Темировдун иликтөөлөрүндө “Клооп” боюнча маалыматтар жок экенин билдиришти.

9-сентябрдагы cоттук отурумда айып актысы окулуп, анда көз карандысыз журналист Болот Темировдун беш материалы аталган. Ал материалдарды «Клооп» чагылдырган эмес.

Ошондой эле өткөн отурумда мурдагы кызматкерлер суралган. Алар өздөрү аткарган жумуштар, редакциянын иштери тууралуу жана операторлор жапырт башаламандыкка чакырбагандыгын айтышты.

Кийинки соттук отурум 16-сентябрда улантыла турган болду.  

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту “Клооптун” оператору Александр Александров менен мурдагы оператор Жоомарт Дуулатовду  эки айга камоо чечимин чыгарган.

29-майда “Клооптун” дагы эки кызматкери – Абдил Төрөбаев менен Сымбат Баймурзаева кармалган. Алар журналисттердин чыгармачыл иши менен тиешеси жок экени айтылган. Сурактан кийин Абдил Төрөбаев бошотулган, ал эми Сымбат Баймурзаеваны “Клооптун” кеңсесине адвокаты жок алып барып, техника жана бухгалтердик документтерди УКМК кызматкерлери алып кетишкени маалым болгон.  

«Клооп» басылмасынан кармалгандардын арасынан Айдай Эркебаева жана Зыягүл Болот кызы мурдагы кызматкер Зарина Садыгалиева бошотулду. Ошондой эле аталган басылманын журналисттери жана мурдагы кызматкерлери менен кошо кармалган эки кыз да бошотулганы маалымдалды.

28-майда эртең менен “Клооптун” эки кызматкери — Ошто Зыягүл Болот кызы менен Бишкекте Александр Александровду суракка алып кетишкени маалым болгон. Зыягүл Болот кызын Оштон Бишкекке учак менен алып келишкен. Андан кийин Айдай Эркебаева суракка алынганы айтылды. Ошондой эле “Клооптон” 2023-жылы кызматтан бошонуп кеткен Зарина Садыгалиева да суракка чакырылган.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Массалык тартипсиздикке чакыруу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында башкы видео редактор А.А.Н. жана оператор монтажер кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин билдирди.

Сот “Клооп” басылмасынын бир нече кызматкеринин банк эсебин бөгөттөгөнү белгилүү болгон.

Сүрөт: RF/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты