“Клооптун” үч журналисти жана мурдагы кызматкери сурак берүүдө. Адвокат киргизилбей жатканы айтылды
- 1 год мурун
Бүгүн, 28-майда, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) кызматкерлери “Клооптун” үч журналистин жана мурдагы кызматкерин суракка алып кеткен. Аларга адвокат киргизилбей жатканын аталган басылмадан билдиришти.
Буга чейин “Клооптун” эки кызматкери — Ошто Зыягүл Болот кызы менен Бишкекте Александр Александровду суракка алып кетишкени маалым болгон. Андан кийин Айдай Эркебаева суракка алынганы айтылды. Ошондой эле “Клооптон” 2023-жылы кызматтан бошонуп кеткен Зара Сыдыгалиева да суракка чакырылган.
Зыягүл Болот кызы менен Александр Александровдун үйүндө тинтүү жүргүзүлгөн, калгандарынын үйү тинтилдиби же жокпу, азырынча белгисиз.
Суракка алып кетүүнүн жана тинтүүнүн себептери айтыла элек.
Журналисттер бул окуяга байланыштуу социалдык тармактарда тынчсыздануусун билдиришүүдө.
Иллюстрациялык сүрөт: Клооп




