“Клооп” басылмасынын дагы бир кызматкери УКМКга суракка алынганы кабарланды
- 1 год мурун
“Клооп” басылмасынын дагы бир кызматкерин — Абдил Төрөбаевди (Айтбай Тегин) Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) суракка алып кетти. Бул тууралуу “Клооп” басылмасы Телеграм баракчасында билдирди.
Ал кызматкерге күч түзүм кызматкерлери бүгүн, 29-майда, саат 16га жакын барышкан. Анын үйүндө да тинтүү жүргүзүлгөн.
Абдил Төрөбаев “Клооп” басылмасына байланыштуу кармалган алтынчы адам болуп калды.
Ал эми “Клооптун” уюштуруучуларынын бири Ринат Тухватшин Абдил Төрөбаев журналисттик кызматка тиешеси жок экенин, текст да жазбаганын, видео тасма да тартпаганын билдирди.
«Клооп» басылмасынан кармалгандардын арасынан Айдай Эркебаева жана Зыягүл Болот кызы мурдагы кызматкер Зара Садыгалиева бошотулду. Бул тууралуу “Клооп” басылмасы Телеграм каналында билдирди. Ошондой эле аталган басылманын журналисттери жана мурдагы кызматкерлери менен кошо кармалган эки кыз да бошотулганы маалымдалды.
Маалыматта кое берилгендердин бардыгы маалыматты ачыктабоо тууралуу тилкат бергендиктен, алардын кармалышынын себептери белгисиз экени айтылды.
Ал эми “Клооптун” оператору Александр Александров жана мурдагы кызматкери Жоомарт Дуулатов убактылуу кармоочу жайга 48 саатка камалды.
Адвокат Бакыт Автандил кармалган кызматкерлерди адвокатсыз суракка алуу мыйзамсыз экендигин билдирди. “Клооптун” уюштуруучуларынын бири Ринат Тухватшин кызматкерлерди чындыгында уурдап кетишкенин, алардын кармалышынын себебин туугандарына, адвокатка да билдиришпегенин, алардын кайда экенин түш жарымында гана билүүгө мүмкүн болгонун айтты.
28-майда эртең менен “Клооптун” эки кызматкери — Ошто Зыягүл Болот кызы менен Бишкекте Александр Александровду суракка алып кетишкени маалым болгон. Зыягүл Болот кызын Оштон Бишкекке алып келишкен. Андан кийин Айдай Эркебаева суракка алынганы айтылды. Ошондой эле “Клооптон” 2023-жылы кызматтан бошонуп кеткен Зара Сыдыгалиева да суракка чакырылган.
Зыягүл Болот кызы менен Александр Александровдун, Абдил Төрөбаевдин үйүндө тинтүү жүргүзүлгөн, калгандарынын үйү тинтилдиби же жокпу, азырынча белгисиз.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) «Клооптун» азыркы жана мурдагы журналисттеринин кармалышы боюнча маалымат бере элек.
Президенттик администрациянын маалымат саясаты бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков “Клооп” басылмасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине сурак берген журналисттеринин ар бирине иликтөөчү журналист Болот Темиров Батыштагы өнөктөштөрү аркылуу ай сайын 500-800 доллар берип, заказ менен иштетип жүргөнү аныкталды деп Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.
Ал эми иликтөөчү журналист Болот Темиров Фейсбук баракчасында «Клооп» басылмасы жана суракка алынган журналисттер тууралуу буларды билдирди:
«Мен «Клоопко» сый-урмат менен мамиле кылам. Бул медиа — өзүнүн чоң тарыхы жана коомдо репутациясы бар көз карандысыз басылма. Биз буга чейин чогуу иликтөөлөрдү жасап келгенбиз. Азыр «Клооптун» башына оор күн түшүп турганда, мен аларга толук тилектештигимди билдирүүдөмүн. Бирок УКМК кармаган балдар менен эч кандай байланышым жок. Көпчүлүгүн жеке тааныбайм дагы. Мен эч кимге буйрук (тапшырма) бербейм, эч кандай команда менен иштебейм, эч кимге акча төлөбөйм. Бардык иликтөөлөрдү өзүм жасайм. Кээ бирлерин башка көз карандысыз редакциялар менен, анын ичинде эл аралык өнөктөштөр менен чогуу ишке ашырам» деди Болот Темиров.




