“Клооп” басылмасынын журналисти суракка алынганы кабарланды

  • 1 год мурун

Бүгүн, 28-майда, “Клооп” басылмасынын Ош шаарындагы кабарчысы Зыягүл Болот кызы сурак берүүдө. Бул тууралуу аталган басылмадан билдиришти.   

Бүгүн эртең менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) кызматкерлери тарабынан Зыягүл Болот кызынын үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, телефон жана ноутбугун да алып кетишкени айтылды.

Азырынча журналистти суракка алып кетүүнүн себеби айтылган эмес. УКМК бул боюнча маалымат бере элек.

Сүрөттө: Зыягүл Болот кызы. Социалдык тармактан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты