“Клооп” басылмасынан кармалгандардын бешөө бошотулду. Экөө камакта калды

  • 1 год мурун

«Клооп» басылмасынан кармалгандардын арасынан Айдай Эркебаева жана Зыягүл Болот кызы сурактан кийин бошотулду. Ошондой эле “Клооптун” мурдагы кызматкери Зара Садыгалиева бошотулду. Бул тууралуу “Клооп” басылмасы Телеграм каналында билдирди.

Ошондой эле аталган басылманын журналисттери жана мурдагы кызматкерлери менен кошо кармалган эки кыз да бошотулду.

Маалыматта кое берилгендердин бардыгы андагыларды ачыктабоо тууралуу тилкат бергендиктен, алардын кармалышынын себептери белгисиз бойдон калууда.  

Ал эми “Клооптун” оператору Александр Александров жана мурдагы кызматкери Жоомарт Дуулатов УКМКда калды. Адвокат Бакыт Автандил Александр Александров 48 саатка кармалганын билдирди.

Адвокат Бакыт Автандил кармалган кызматкерлерди адвокатсыз суракка алуу мыйзамсыз экендигин билдирди. “Клооптун” уюштуруучуларынын бири Ринат Тухватшин кызматкерлерди чындыгында уурдап кетишкенин, алардын кармалышынын себебин туугандарына, адвокатка да билдиришпегенин, алардын кайда экенин түш жарымында гана билүүгө мүмкүн болгонун айтты.  

28-майда эртең менен “Клооптун” эки кызматкери — Ошто Зыягүл Болот кызы менен Бишкекте Александр Александровду суракка алып кетишкени маалым болгон. Зыягүл Болот кызын Оштон Бишкекке алып келишкен. Андан кийин Айдай Эркебаева суракка алынганы айтылды. Ошондой эле “Клооптон” 2023-жылы кызматтан бошонуп кеткен Зара Сыдыгалиева да суракка чакырылган.

Зыягүл Болот кызы менен Александр Александровдун үйүндө тинтүү жүргүзүлгөн, калгандарынын үйү тинтилдиби же жокпу, азырынча белгисиз.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) «Клооптун» азыркы жана мурдагы журналисттеринин кармалышы боюнча маалымат бере элек.

Сүрөт коллажы: RFE/RL

   

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты