Камактагы саясатчы Клара Сооронкулова уулун туулган күнү менен куттуктап кат жазды

  • 2 года мурун

Төңкөрүш жасоого даярдык көрдү деген айыпка шектелип кармалгандардын арасында Конституциялык палатанын мурдагы судьясы, саясатчы “Клара Сооронкулова Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен эки айга камакка алынган. Клара Сооронкулова СИЗО №1 де камакта жатып, уулунун туулган күнү менен куттуктап, кат жолдоду.

Анын катын укук коргоочу Динара Ошурахунова Фейсбук баракчасына чыгарды. Куттуктоодо мындай деп жазылган:  

“Атаяр!

Туулган күнүң менен куттуктайм! Сен абдан күчтүү жана акылдуу баласың. Сен абдан бекем карманып турасың деп ишенем. Өзүңдөн жакшы маанайың жана жетишкендиктериң менен колдоп турушуң абдан маанилүү.  Ошондуктан, бекем бол! Азамат бол! Сага бекем ден соолук, кайрат,жана мыкты маанай каалайм!

Сени бек кучактайм! “

28.10.2022

Камактагы саясатчы Клара Сооронкулова уулун туулган күнү менен куттуктап кат жазды

23-октябрда Бишкекте жыйырмадай оппозициялык саясатчы менен активисттердин үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, милицияга чакырылган. Саясатчылар Клара Сооронкулова, Асия Сасыкбаева, Жеңиш Молдокматов, Равшан Жээнбеков, Азимбек Бекназаров, Бектур Асанов, Гүлнара Журабаева, Рита Карасартова, активисттер Эрлан Бекчоро уулу, Али Шабдан, Перизат Суранова, Улукбек Маматаев, Таалай Мадеминов, Чыңгыз Капаров, Атай Бейшенбек, журналист Айданбек Акмат уулу жана башкалар  48 саатка кармалды.

Адегенде 48 саатка камалган саясатчылар жана активисттер Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен эки айга камакка алынды.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси («Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу») менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө амалдарын жүргүзүп жатканын билдирди.

Ошол эле күнү Канатбек Исаев Биринчи май райондук сотунун чечими менен бир айга камакка алынган. Анын эмне себептен камалганы азырынча айтылбай турат. Канатбек Исаев өзү анын камалышынын себебин Кемпир-Абадды коргоо комитетине мүчө болгонуна байланыштырды.

Кемпир-Абадды коргоо комитети түзүлүп, анын катарына Мамбетжунус Абылов, Асия Сасыкбаева, Адахан Мадумаров, Клара Сооронкулова, Исхак Масалиев, Жеңиш Молдокматов, Канатбек Исаев, Гүлнара Журабаева, Кеңешбек Дүйшөбаев,  Гүлгаакы Мамасалиева, Азимбек Бекназаров, Эркингүл Иманкожоева, Равшан Жээнбеков, Ыргал Кадыралиева, Бектур Асанов, Рита Карасартова,  П.Суранова, А.Акматов, Т.Кудайбергенов, У.Маматаев, К.Кадыров, С.Жапыкеев, О.Нарматова, А.Айтбаев, Ч.Капаров, А.Бузурманкулов, А.Шабдан, Т.Мадаминов, М.Коргонбаев, Э.Жайчиев, Данияр Акматов, Эрлан Бекчороев жана башкалар кирген.

24-октябрда Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине акыркы окуялар боюнча маек берип, мындай деген:

— Ток этер жерин айтсам, буларды “Кемпир-Абад” маселеси деле кызыктырбайт, ал жөн эле шылтоо экен. “Эптеп бир нерсе болуп кетсе, кайра бийликтин бир жерине илинип калсам” дегендер. Камалгандардын көпчүлүгү менен да жекеме-жеке диалог кылгам. Баары эле кызмат сурашат. Мамлекеттик кызмат чоё бергидей резина эмес да. Баарына жетпейт экен, деди мамлекет башчы.

Мындан тышкары ал кармалгандардын ишине кийлигише албасын белгилеп, укук коргоо органдары чечим чыгарарын, андан соң кайрылгандарга ырайым берип, камактан бошотууга укуктуу экенин кошумчалады.

Оппозициячыл саясатчылардын жана активисттердин кармалышында мыйзам бузуулар аныкталбаганын ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев Жогорку Кеңештин укук тартиби, кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөшүү комитетинин жыйынында билдирди.

Клара Сооронкулованын «ПолитКлиника» медиасынын «Тет-а-Тет» берүүсүнө берген маеги бул шилтемеде.

Сүрөт: «ПолитКлиника» медиасы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты