“Улуттун улуулугу — терең билим жана интеллектуалдык дарамети». Билим күнү менен куттуктоо
- 4 недели мурун
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-сентябрда, кыргызстандыктарды Билим күнү менен куттуктады.
“Ар бир улуттун улуулугу, мамлекеттин кубаттуулугу анын курал-жарагы же байлыгы менен эмес, биринчи кезекте – илим-билими жана интеллектуалдык дарамети менен өлчөнөт. Бүгүнкү глобалдашуу доорунда биздин негизги куралыбыз – терең билим жана заманбап илим болушу шарт. Биз мекенчил, атаандаштыкка жөндөмдүү, дүйнөлүк деңгээлде теңтайлаша алган күчтүү муунду тарбиялоо менен гана өлкөбүздүн көз карандысыздыгын чындап чыңдай алабыз. Ушундан улам, заман талабына шайкеш келген жаш муун – биздин улуттук башкы байлыгыбыз болуп саналат” деп айтылат куттуктоодо.
Агартуу министрлиги тарабынан жалпы билим берүү уюмдарында 2026–2027-окуу жылын 15-сентябрда баштоо жөнүндө чечим кабыл алынган. Адатта окуу жылы 1-сентябрда башталат жана Билим күнү болуп эсептелет.
Окуу жылынын башталыш мөөнөтүн өзгөртүү боюнча сунуш өлкөдө өткөрүлө турган бир катар ири эл аралык жана мамлекеттик иш-чараларга, анын ичинде Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына, Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган иш-чараларга байланыштуу киргизилген.
Иллюстрациялык сүрөт: Агартуу министрлиги




