“Айдоочу келип, кечирим сурады. Кечирдим” Клара Сооронкулова таксист тууралуу
- 2 недели мурун
Саясатчы Клара Сооронкулова кечээ, 2-мартта, Фейсбук баракчасына Бишкекте такси кызматынын айдоочусунун орой мамилесин, сүйрөп түшүрөм деп күчкө салганы тууралуу жазган. Ал окуядан кийин таксистти кечиргенин билдирди.
“Айдоочу Бекнур келип, кечирим сурады. Мындай мамиле ким болбосун, эч качан кайталанбайт деген убадасын берди. Кечирдим. «Яндекс» такси ыкчам реакция кылып, Бекнурду заказдардан четтетип салды. Мага моралдык компенсация деп, акчалай жеңилдик беришти. Колдоо көрсөткөн Фейсбук жамаатына чоң ыраазычылык. Социалдык тармактардын күчүн касташуу эмес, колдоого, адилеттүүлук жана мыйзамдуулук үчүн пайдаланып жүрөлү. Баарыңарга чоң ыракмат! Орозоңор кабыл болсун!” деп жазды Клара Сооронкулова.
2-мартта Клара Сооронкулова такси кызматынын айдоочусунун орой мамилеси тууралуу Фейсбук баракчасына жазган. Аны «айланма жерден өтүп кеттиң» деген сөзү үчүн таксист таксиден сүйрөп түшүрөм деп күчкө салганын билдирип, окуянын видеосун жүктөгөн.
Клара Сооронкулова — белгилүү саясатчы, Конституциялык соттун мурдагы судьясы.