Бүгүн – Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү, улуттук адабият күнү

Бүгүн – кыргыз элинин чыгаан уулу, залкар жазуучу, гуманист, философ, дипломат жана мамлекеттик ишмер, Кыргыз Республикасынын Баатыры жана Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү. Улуттук адабият күнү.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев адабият майрамы менен куттуктады.    

-Урматтуу акын-жазуучулар, адабиятчылар жана адабият сүйүүчүлөрү! Бардыгыңыздарды бүгүнкү 12-декабрь – улуттук адабият күнү менен куттуктайм! Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө, дагы бир улуу, легендарлуу акын Алыкул Осмоновдун дүйнөдөн кайткан күнүнө карата адабият күнүнүн белгиленгендиги бул күндүн улуулугун, маанилүүлүгүн айкындап турат.

Улуттун жүзү, ар бир өлкөнүн руханий бийиктиги, анын нарк-насили, эне тили, көркөм адабияты, маданияты менен өлчөнүп-бааланары анык. Ансыз улуттун улуугун аныктоого мүмкүн эмес. “Өнөр алды — кызыл тил” деп айтылгандай, адабият – профессионал искусствонун башаты саналат.

Баарынан мурун сөз жаралган деген миф айтылат. Андыктан акылман кыргыз сөз сыйлап, сөз кадырлаган, “сөз баштаган эл баштайт”, “сөз атасы өлбөсүн” деп айткан.

Кыргыз адабияты ааламга айтылуу Чыңгыз Айтматовду берген.

Улуттук профессионал көркөм адабиятты Аалы Токомбаев, Касым Тыныстанов, Мукай Элебаев, Касымалы Жантөшев, Узакбай Абдукаимов, Жусуп Турусбеков сыяктуу залкарларыбыз баштаган. Алыкул Осмонов, Түгөлбай Сыдыкбеков, Төлөгөн Касымбеков, Омор Султанов, Жолон Мамытов, Мурза Гапаров ж.б. адабият алптары чыккан. Дагы да биз сыймыктанган, көркөм сөздүн жүзү болгон залкарлар бүгүн да арабызда жүрөт.

Улуттук адабиятыбыздын учу уланып, келечекте далай жаңы муун, жаңы таланттар өсүп-жетилип, руханий жаңы доорлор жаралып, ишенимдүү максаттар менен жаңы багытта терең ойлорду камтыган олуттуу чыгармалардын жаралышына терең ишенем.

Дагы бир ирет жалпыңыздарды бүгүнкү майрамыңыздар, улуттук адабият күнү менен куттуктайм-деп айтылат министрдин куттуктоосунда.

2028-жылдагы туулган күнүнүн 100 жылдыгы жакындап келе жаткандыгына байланыштуу, 2028-жыл Кыргыз Республикасында Чыңгыз Айтматов жылы деп жарыяланды. Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун 100 жылдык мааракесин татыктуу белгилөө максатында, анын дүйнөлүк адабияттын өнүгүшүнө, маданияттар аралык диалогду бекемдөөгө жана гуманисттик баалуулуктарды жайылтууга кошкон зор салымын эске алуу менен анын улуттук аң-сезимдин калыптанышындагы өзгөчө ордун таанып, 2028-жылдагы анын туулган күнүнүн 100 жылдыгы жакындап келе жаткандыгына байланыштуу, 2028-жыл Кыргыз Республикасында Чыңгыз Айтматов жылы деп жарыяланды.

Иш-чаралардын планын иштеп чыгууда төмөнкүлөрдү кароо тапшырылды:

-Талас облусунун Айтматов районунун Шекер айылында жайгашкан “Чыңгыз-Ордо” маданий-тарыхый мемориалдык музей-комплексин “Айтматов ааламы” (“Вселенная Айтматова”) деп кайра атоону жана курулуш иштерин аяктоону; жогоруда аталган борбордун жана музей-комплекстин инфраструктурасын эл аралык маданий туризмдин стандарттарына ылайык келтирүүнү;

— Айтматовдун мурасын эл аралык таануу, анын ичинде чет өлкөлөрдө көргөзмөлөрдү, конференцияларды жана иш-чараларды тийиштүү жылга каралган республикалык бюджеттин чегинде, ошондой эле тыюу салынбаган башка каржылоо булактарынын эсебинен уюштуруу боюнча аракеттерди күчөтүүнү;

— Айтматовдун 100 жылдыгын ЮНЕСКОнун жана башка эл аралык уюмдардын алкагында белгилөө жөнүндө маселени демилгелөөнү; адабият, философия, дипломатия жана гуманисттик баалуулуктарды жайылтуу жаатындагы өзгөчө жетишкендиктер үчүн Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык сыйлыкты уюштуруу боюнча сунуштарды киргизүүнү;  

-Айтматовдун мурасын изилдөөгө жана түшүндүрүүгө арналган илимий жана маданий иш-чараларды өткөрүүнү;

-Айтматовдун чыгармаларынын академиялык жыйнагын мамлекеттик, расмий жана башка тилдерде даярдоону жана жарыялоону; ата мекендик жана чет өлкөлүк кинематографисттерди тартуу менен  Айтматовдун өмүрүнө жана чыгармачылыгына арналган көркөм жана документалдык фильмдерди жаратуу боюнча долбоорду иштеп чыгууну жана ишке ашырууну;

-мааракеге арналган кеңири масштабдуу маданий-агартуу иш-чараларын өткөрүүнү;

-Чыңгыз Айтматовдун ысымын көчөлөргө, мектептерге, китепканаларга жана башка объекттерге ыйгарууну;

-“Тарыхый окуялар” сериясындагы 100 сом номиналындагы “Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгы” коллекциялык алтын монетасын чыгарууну; аталган иш-чараларды республикалык бюджеттин алкагында каржылоону, ошондой эле бюджеттен тышкаркы жана эл аралык ресурстарды тартуу боюнча иштерди күчөтүүнү;

-мааракелик программалардын алкагында талаптагыдай координациялоону жана эл аралык кызматташтыкты, ошондой эле демөөрчүлүк жардамды жана тыюу салынбаган башка каржылоо булактарын тартууну камсыз кылууну президент Садыр Жапаров Министрлер кабинетине тапшырды.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты