Клара Сооронкулова үйүнүн эшигинин кулпусун сүрөткө тартып кеткендер боюнча милицияга кайрылды
- 1 час мурун
- Жаңылыктар
Конституциялык соттун экс-төрайымы, саясатчы Клара Сооронкулова үйүнүн эшигинин кулпусун сүрөткө тартып кеткендер боюнча милицияга кайрылды.
Бул тууралуу Сооронкулова “Азаттыкка” билдирди.
Андагы адамдардын бири Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) болушу ыктымалдыгын да кошумчалады.
«Мен видеону соцтармактарга жайылткандан кийин бир топ адам таанып, анын бирөө УКМКнын кызматкери экенин айтышты. Ал маалыматты алгандан кийин көп нерсе түшүнүктүү болуп калды. Тажрыйбалуу батир уурулар камера турган жерге келбейт же алар кийин байкаштыбы, айтор аракеттери кызыктай болду. Алар эшиктеги ачкыч кире турган эки уяны тартып кетишти” деп билдирген “Азаттыкка”.
Буга чейин Клара Сооронкулова 9-октябрда социалдык тармакта үйүнүн эшигинин кулпусун сүрөткө тартып кетишкенин, ал видео камерага түшүп калганын билдирип, батир уурулары болушу мүмкүндүгүн коомчулукка эскерткен.
Сүрөттө: Клара Сооронкулова. «ПолитКлиника»
Муну бөлүшүү




