Президенттин ырайымы менен абактан чыккан Даниэл Ажиев эки айга камалды

  • 2 месяца мурун

Президенттин ырайымына ылайык, абактан чыккан Даниэл Ажиев Токмок шаардык сотунун чечими менен эки айга камалды.

Мурда вебкам иши боюнча камалып, ырайым менен чыккан Даниэл Ажиев баңгизат ишине шек боюнча Токмок шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан кармалган.

Ырайым берилгенден кийин Даниэл Ажиев абактан тик учак менен чыкканы коомчулукта талкууга алынган. Бүгүн, 6-мартта, президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген кезектеги маегинде вебкам иши менен соттолуп, ырайым алган Даниэл Ажиевдин абактан тик учак менен чыккандыгы тууралуу суроого жооп берди.   

Вебкам студияларын иштетүү боюнча тогуз жылга абакка кесилген Даниэл Ажиевге 18-февралда президент Садыр Жапаров тарабынан ырайым берилген. Ошол күнү Ажиев абактан тик учагы менен чыгып кеткен деген видео Интернетке тараган. Тик учакты ижарага алууга Ажиев 268 миң сом төлөгөн.

Сүрөттө: Даниэл Ажиев. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты