Оштогу базардагы жаңжал боюнча үчөө камакка алынды, бирөө үй камагына чыгарылды

  • 1 месяц мурун

Ош шаарындагы базардагы жаңжал боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгы кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси менен кылмыш ишин козгоду.

Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгы (ИИБ) билдирди.  

Тергөөнүн жүрүшүндө окуяга тиешеси бар деп шектелген төрт жаран кармалып, аларга кылмышка шектүү катары айып угузулду.

Шектүү катары кармалган Д.М., Я.Б., М.С. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ал эми Ө. Кызы О. жашы жете элек балдары бар экенине байланыштуу үй камагына бошотулду.   

Тергөө иштери улантылууда.

4-июлда социалдык тармактарда базардын аймагында жарандардын ортосунда пикир келишпестик чыгып, ызы-чуу, мушташ болуп жаткандагы видео тараган.

Аталган окуя ошол эле күнү Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнө катталып, окуя боюнча териштирүү иштери башталган.

Окуяга тиешеси бар жарандар аныкталып, алар милицияга жеткирилген жана пикир келишпестиктин себептери такталууда.

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Ош базарда кулпунайын базарга саттырбай, сабап жаткан окуядан кийин жабырлануучуну кабыл алды жана ага муниципалдык базардан орун берүү тапшырмасы берилди.

Сүрөттөр: Ош милициясы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты