Мурдагы судья, учурда жактоочу акча опузалоого шектелип, эки айга камалды
- 1 месяц мурун
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан мурда судья кызматын ээлеген А.К.А. аттуу жактоочу кармалды.Со чечими менен ал эки айга камакка алынды.
Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.
Шектүү өзүнүн кызматтык абалын жана жеке байланыштарын пайдаланып, жарандык иштер боюнча соттун оң чечимин кабыл алууга көмөк көрсөтүү үчүн акча талап кылуу схемасын уюштурган.
А.К.А. баштапкы этапта жабырлануучу тараптан 25 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын алгандыгы айтылат. Ал дагы 7 миң АКШ долларын талап кылган, баш тартылган учурда административдик мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып, сот чечимин каршылаш тараптын пайдасына чечилиши мүмкүндүгү менен коркуткан.
Козголгон кылмыш иштин алкагында алдын ала пландалган ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында жактоочу талап кылынган сумманын бир бөлүгүн 437 500 сомду (5 000 АКШ долларына барабар) алып жаткан учурда кармалды.
Чогултулган материалдардын негизинде кармалган жаран соттун чечими менен 2 айлык мөөнөткө УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.
Тергөө иш-чаралары улантылууда.
Сүрөт: УКМК




