“Кумтөр” иши: Асылбек Жээнбеков 30-ноябрга чейин камакта калды

  • 3 года мурун

Бүгүн, 24-сентябрда, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбековдун баш коргоо чарасы каралды.

Асылбек Жээнбеков 30-ноябрга чейин УКМКнын убактылуу абак жайында кала турган чечим чыгарылды.

Бүгүн соттун алдында анын тарапташтары митинг уюштурушту.

«Кумтөр» иши боюнча коррупцияга шектелип, 31-май күнү кармалышкан депутаттар Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровдорго карата Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 1 — июнь күнү 2 айга камакка алуу чечимин чыгарган.

“Кумтөр” кенинин тегерегиндеги коррупцияга шектелип, президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев жана экс- биринчи вице-премьер-министр, «Кыргызстан» фракциясынан Жогорку Кеңештин экс-депутаты Алмазбек Баатырбеков УКМК тарабынан кармалган.

«Кумтөр» ишинин алкагында Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров жана экс – депутаттар Талантбек Узакбаев, Исхак Пирматов 31 – майда камакка алынышкан.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исхак Пирматовго карата соттун өкүмү чыкты. Өкүмгө ылайык, Исхак Пирматов Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 300 миң сом айыпка жыгылды.

31 — май күнү Биринчи май райондук соту Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровдун бөгөт чарасын карап, 2 айга камакка алуу чечимин чыгарган.

16-сентябрда өлкөнүн экс-премьер-министри Жоомарт Оторбаев УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайында кармоо чечимин кабыл алган.

«Кумтөр» иши боюнча кармалган мурдагы премьер-министр Темир Сариев эки айга, 30-сентябрга чейин УКМК убактылуу абак жайына камалган.

Кыргызстандын мурдагы Президенти Аскар Акаев Москвадан Бишкекке келип, «Кумтөргө» байланыштуу сурак берди жана кайра кайтып кетти.

«Кумтөр иши» боюнча камалган мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов камактан бошотулду.

Жогорку Кеңештин экс-спикери Асылбек Жээнбеков менен ЖК депутаты Төрөбай Зулпукаровдун камактагы мөөнөтү эки айга узартылды.

Тайырбек Сарпашев 319-берененин 2-бөлүмү («Коррупция») менен кылмыш жасаган деп шектелип, 17-июнда камакка алынган.

Сүрөт: ПолитКлиника/Нурсулуу Нурдинова

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты