​Темир Сариев Кумтөр иши боюнча эки айга камалды

  • 3 года мурун

Кумтөр иши боюнча кармалган мурдагы премьер-министр Темир Сариев эки айга, 30-сентябрга чейин УКМК убактылуу абак жайына камалды.

Темир Сариевдин бөгөт чарасы кечээ, 4-августта Биринчи май райондук сотунда каралды.

“Биз соттун чечими менен макул эмеспиз. Ал болбогон чечим. Мага коюлуп жаткан күнөөнөн да негизи жок. Бизбул чечимди сотко кайра кароого арызданабыз” деди Темир Сариев.

Мурдагы премьер-министр Темир Сариев «Кумтөр» иши боюнча кармалып УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

«Кумтөр иши» боюнча камалган мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов камактан бошотулду.

Жогорку Кеңештин экс-спикери Асылбек Жээнбеков менен ЖК депутаты Төрөбай Зулпукаровдун камактагы мөөнөтү эки айга узартылды.

Кумтөр иши боюнча Тайырбек Сарпашев 319-берененин 2-бөлүмү («Коррупция») менен кылмыш жасаган деп шектелип, 17-июнда камакка алынган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты