​Сот Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровду 2 айга камакка алуу чечимин чыгарды

  • 3 года мурун

31-май күнү түштөн кийин УКМКга суракка чакырылган Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков жана Төрөбай Зулпукаров Биринчи май райондук сотунун чечими менен 2 айга камакка алынышты.


Алар Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүгүндө (Коррупция) каралган кылмышка шектелип, тергөө А.Жээнбеков менен Т.Зулпукаровду камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасын тандоону соттон өтүнгөн.

Ошол эле күнү Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тергөөнүн өтүнүчүн канааттандырган.

УКМКнын маалыматы боюнча, «Кумтөр» долбоорун жүзөгө ашыруунун ар кандай баскычтарындагы коррупция боюнча кылмыш ишинин алкагында мекемелер аралык тергөө тобу бул ишке тиешеси барлардын ишин иликтөөнү улантууда.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты