Алмазбек Баатырбеков жана Данияр Нарымбаев кармалды

Жаңылыктар

“Кумтөр” кенинин тегерегиндеги коррупцияга шектелип, президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев жана экс- биринчи вице-премьер-министр, "Кыргызстан" фракциясынан Жогорку Кеңештин экс-депутаты Алмазбек Баатырбеков УКМК тарабынан кармалды.


Бул тууралуу өздүк булактарыбыз билдирди.


Өмүрбек Бабанов «Кумтөр» ишканасы менен байланышкан иште коррупцияга аралашкан деп айыпталып, 31-майда УКМК тарабынан кармалган жана эки айга камакка алынган.


«Кумтөр» ишинин алкагында Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров жана экс – депутаттар Талантбек Узакбаев, Исхак Пирматов 31 – майда камакка алынышкан.


31 - май күнү Биринчи май райондук соту Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровдун бөгөт чарасын карап, 2 айга камакка алуу чечимин чыгарган.


«Кумтөр» иши боюнча кармалган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Исхак Пирматов менен Талантбек Узакбаев 31 – июлга чейин камакта калтырылды.