​УКМК Тайырбек Сарпашевди камакка алды

  • 3 года мурун

УКМК мурдагы биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевди «Кумтөр» иши боюнча кармады.


УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, Сарпашев өлкөнүн жогорку саясий жетекчилиги менен биргеликте канадалык «Центерра» компаниясынын өкүлдөрү менен тымызын сүйлөшүү жүргүзүп, Кумтөр кенинде жайгашкан мөңгүлөрдүн экологиялык коопсуздугуна зыян келтирип, компаниянын кызыкчылыктарын коргогону аныкталган.

Ошондой эле Сарпашев өкмөттөгү жооптуу кызматынан пайдаланып, “Центерранын” кызыкчылыгы үчүн мөңгүлөрдүн коопсуздугун камсыз кыла турган «Мөңгүлөр жөнүндө» мыйзам долбоорун иштеп чыгууга жана кабыл алууга тоскоолдук кылган. Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүн талкалоого жол берген “Суу кодексине” толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун парламентке киргизген.

Тайырбек Сарпашев 319-берененин 2-бөлүмү («Коррупция») менен кылмыш жасаган деп шектелип, кечээ, 17-июнда камакка алынган.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты