«Кумтөр» иши боюнча экс-премьер-министр Жоомарт Оторбаев кармалды

  • 3 года мурун

«Кумтөр» кенин иштетүү долбоорун ишке ашыруунун ар кандай этабындагы коррупциялык фактылар боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында мурдагы премьер-министр Жоомарт Оторбаев кармалды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, УКМКнын ведомстволор аралык тергөө тобу «Кумтөр» кенин иштетүү долбоорун ишке ашыруунун ар кандай этабындагы коррупциялык фактылар боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөөнү улантууда.

Жүргүзүлгөн тергөө иш-аракеттеринин жыйынтыгына жана иште алынган далилдерге таянып, тергөө 16-сентябрда өлкөнүн экс-премьер-министри Жоомарт Оторбаев УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайында кармоо чечимин кабыл алган.

“Тергөөдө аныкталгандай, Ж. Оторбаев Кыргыз Республикасынын премьер-министри болуп турган кезде, КР Өкмөтүнүн алдындагы Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин «Кумтөр» кенинин башкы планынын алкагында айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин баалоо үчүн Кыргыз Республикасынын «Суу жөнүндө» Суу кодексинин жана Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын бузуу менен, «Кумтөр Голд Компанинин» («Центера Голд Инк.») кызыкчылыгы үчүн буйрук алып, Лысый жана Давыдов мөңгүлөрүн мындан ары жок кылууга макулдук берген”,- деп айтылат билдирүүдө.

Ведомстволор аралык тергөө тобу Оторбаев менен тергөө аракеттерин жүргүзүп, анын жыйынтыгы боюнча жакынкы 48 саатта Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан бөгөт коюу чарасы каралмакчы.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты