Шайлообек Атазов соттун чечими менен акталганын айтты  

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соттун чечими менен Жогорку Кеңештин экс-депутаты Шайлообек Атазов массалык баш аламандыкты уюштуруу аракети боюнча айыптан акталып чыкканын Фейсбук баракчасында кабарлады.

«Бүгүн сот менин иш-аракетимде эч кандай кылмыштын курамы жок деп таап, мени сот залынан толугу менен актап чыгарды. Бул — «Ак ийилет, бирок эч качан сынбайт» дегендин улуу далили. Ооба, убагында мени саясий процесстерге, Жогорку Кеңештин шайлоолоруна катыштырбай, жолумду тосуу үчүн ушундай саясий заказдарды берген кошоматчы адамдардын заманы болуп өттү. Бирок, Кудай колдоп, менин жазган катым, чындыгым өлкө башчысына чейин жетти. Бүгүн соттун мыйзамдуу, адилеттүү чечими болду» деди Шайлообек Атазов.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) массалык башаламандыкты уюштурууга даярдык көрүүгө шектелген адамдардын тобу, бардыгы 10 адам кармалгандыгын кармалгандыгын 22-ноябрь түнү билдирди.

Кармалгандардын арасында Темирлан Султанбеков, Кадырбек Атамбаев, Шайлообек Атазов, Кубанычбек Кадыров, Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Дамир Мусакеев, Урмат Барктабасов, Эрмек Эрматов ж.б. бардыгы он адам болгон. Аларга кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 1-бөлүгү (зомбулук, талкалоо, өрттөө ж.б. коштолгон массалык баш аламандыкты уюштурууга даярдык көрүү) боюнча айыбы угузулуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Кийинчерээк Кубанычбек Кадыров менен Шайлообек Атазов үй камагына чыгарылган. Дамир Мусакеев да эч жакка кетпөө кепилдиги менен абактан бошотулган.

Ал иш боюнча Биринчи май райондук сотунун чечимине ылайык, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаев Кылмыш-жаза кодексинин «Бийликти күч менен басып алуу» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 4 жылга соттолду. Саясатчы Темирлан Султанбеков «Бийликти күч менен басып алуу» боюнча күнөөлүү деп табылып, мүлкү конфискациялануу менен 7 жылга кесилди. Эрмек Эрматов «Кылмышты жашыруу» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, бир жылдык пробация берилди. Саясатчы Кубанычбек Кадыров акталып, эркиндикке чыкты. Казакстандын жараны Абдурахим Абдрахманов 8 жылга эркинен ажыратылды. Казакстандын жараны Серикбай Кабыланбек бир жыл тогуз айга эркинен ажыратылды, бирок тергөө учурунда жаза мөөнөтүн өтөп койгондуктан, камактан бошотулду.

Сүрөттө: Шайлообек Атазов. kenesh.kg

 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты