Асылбек Жээнбековдун камактагы мөөнөтү эки айга узартылды

  • 3 года мурун

Бүгүн ЖКнын экс-спикери Асылбек Жээнбеков жана депутаты Төрөбай Зулпукаровдун бөгөт чаралары каралып жатат. Эки саясатчыны колдогон 300дөй киши соттун имаратынын алдына чогулушкан.

Биринчи май райондук соту ЖК депутаты Асылбек Жээнбековдун бөгөт чарасын карап, камактагы мөөнөтүн дагы эки айга узартты. Бул тууралуу саясатчынын адвокаты билдирди. Анын айтымында, Жээнбеков УКМКнын тергөө абагында 30-сентябрга чейин кармалат.

Мындан тышкары ЖК депутаты Төрөбай Зулпукаровдун дагы бөгөт чарасы каралып жатат. Эки саясатчыны колдогон 300дөй киши соттун имаратынын алдына чогулушту.

Эскерте кетсек, Жээнбеков менен Зулпукаров Кумтөр иши боюнча Жазык кодексинин 319-беренесинин («Коррупция») негизинде шектелип, 31-июлга чейин камакка алынган болчу. Депутаттардын жактоочулары баш коргоо чарасын өзгөртүүнү өтүнүп шаардык сотко кайрылган. Бирок сот райондук соттун чечимин өзгөртүүсүз калтырган

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты