​Өмүрбек Бабанов камактан бошотулду

  • 3 года мурун

«Кумтөр иши» боюнча камалган мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов камактан бошотулду.


Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта Өмүрбек Бабановдун баш коргоо чарасы ден-соолугунун начарлашына байланыштуу өзгөргөндүгү жана чет өлкөдө дарылана тургандыгы айтылды.

31-майда УКМКга суракка чакырылган экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов «Кумтөр» долбоорун ишке ашырууда «Коррупция» фактысы боюнча камакка алынган.

22-июнда Бишкек шаардык сотунда “Кумтөр” иши боюнча камакка алынган мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановдун баш коргоо чарасын караган. Бишкек шаардык соту буга чейинки Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырып, камакта калган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.


Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты