Зилзала: Кахраманмараш шаарында кыргыз куткаруучулары дагы бир адамды куткарышты

Зилзала болуп өткөн Түркиянын Кахраманмараш шаарындагы «Хайрылло махелеси» аталган аймагынан кыргызстандык куткаруучулар ураган имараттын арасынан 38 жаштагы Хадиче Ахар аттуу аялды аман-эсен алып чыгышты. Ушуну менен кыргызстандык куткаруучулар Түркиянын жер титиреген аймактарынан бешинчи адамды аман алып калышты.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирди.

Түркиядагы жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуга жана издөө-куткаруу иштерине катышуу, жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн кошумча 100 куткаруучу, 6 медицина кызматкери, 25 чатыр, 1 талаа госпиталы, 160 боз үй даярдалган.

Кыргызстандык куткаруучулар Түркиянын Кахраманмараш шаарында бузулган имараттын урандылары арасында алты күн калган адамды тирүү таап чыгарышты. 

Андан соң Кахраманмараш шаарындагы Баалыжан районунда зилзала болгондон кийинки урандылар арасынан издөө-куткаруу иштери учурунда 11-февралда кечки 19:21 чамасында 22 жаштагы кош бойлуу келин аман-эсен куткарылды.

2-февралда Түркиянын жер титиреген аймактарынан урандылар алдынан издөө-куткаруу иштери учурунда Бишкек убактысы боюнча 02:30 чамасында кыргызстандык куткаруучулар тарабынан Алиайчичек аттуу 2016-жылы туулган бала куткарылды.

6-февралда саат 04:17де Түркиянын жети провинциясында очогунда күчү 7,4 (7,6-7,7)  баалга жеткен жер титирөө катталганы маалым. Жер титирөөнүн очогу Газиантеп шаарынан 26 чакырым жерине туура келген . Андан соң Адана, Анкара, Анталья,  Газиантеп, Кайсери, Мерсин, Трабзон, Урфада, ошондой эле Сирияда жана Ливанда болгон.

Түркия менен Сирияда зилзалада набыт болгондордун саны 30 миңден ашты.

Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты