Кыргызстан Түркияга дагы куткаруучуларды жиберди  

  • 1 год мурун

Түркиядагы жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуга жана издөө-куткаруу иштерине катышуу, жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн кошумча 100 куткаруучу, 6 медицина кызматкери, 25 чатыр, 1 талаа госпиталы, 160 боз үй даярдалган.

Алардын ичинен кечээ, 12-февралда, 80 куткаруучу, 3 дарыгер жана 78 боз үй менен боз үй тигүүчүлөр Түркияга жөнөтүлдү.

Мындан сырткары 49 боз үй, мобилдүү кийиз үй жана медикамент түрүндө гуманитардык жүк, бүгүн, 13-февралда жөнөтүлдү.

Буга чейин Кыргызстандан Түркияга жер титирөөнүн эртеси күнү, 7-февралда 67 куткаруучу жана издөө иштерине үйрөтүлгөн 2 ит жөнөтүлгөн.

6-февралда саат 04:17де Түркиянын жети провинциясында очогунда күчү 7,4 (7,6-7,7)  баллга жеткен жер титирөө катталганы маалым. Жер титирөөнүн очогу Газиантеп шаарынан 26 чакырым жерине туура келген . Андан соң Адана, Анкара, Анталья,  Газиантеп, Кайсери, Мерсин, Трабзон, Урфада, ошондой эле Сирияда жана Ливанда болгон.

Түркия менен Сирияда зилзалада набыт болгондордун саны 30 миңден ашты. Бириккен Улуттар Уюмунун эсебинде, бул сан эки эсе көбөйүшү ыктымал. Эки өлкөдө жараат алгандар он миңдеп саналат. Жүз миңдеген киши баш паанексиз калды. Издөө-куткаруу иштерине 70тен ашуун өлкөдөн келген адистер тартылды.

6-февралда кыргызстандык куткаруучулар катуу жер титирөө катталган Түркияга кыргызстандык 63 куткаруучу жардамга жөнөтүлгөн.

Кыргызстандык куткаруучулар Түркиянын Кахраманмараш шаарында бузулган имараттын урандылары арасында алты күн калган адамды тирүү таап чыгарышты. 

Андан соң Түркиянын Кахранмараш шаарындагы Баалыжан районунда зилзала болгондон кийинки урандылар арасынан издөө-куткаруу иштери учурунда  11-февралда кечки 19:21 чамасында 22 жаштагы кош бойлуу келин аман-эсен куткарылды.

2-февралда Түркиянын жер титиреген аймактарынан урандылар алдынан издөө-куткаруу иштери учурунда Бишкек убактысы боюнча 02:30 чамасында кыргызстандык куткаруучулар тарабынан Алиайчичек аттуу 2016-жылы туулган бала куткарылды.

Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты