Түркияда кармалган Эрмек Сабыржанов кайтып келгени кабарланды
- 3 недели мурун
- Жаңылыктар
Түркияда кармалган Кыргызстандын жараны Эрмек Сабыржанов Кыргызстанга келгени кабарланды. Маалыматты Түркиядагы элчи Руслан Казакбаев ырастаганын “Азаттык” жазды.
Буга чейин Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Түркияда кармалган Кыргызстандын жараны Эрмек Сабыржановго коюлган айыптар алынып салынганын билдирген.
9-сентябрда Измир шаарында анын иши боюнча соттук отурум болуп өтүп, Эрмек Сабыржановго коюлган айыптар алынып салынганы маалымдалган.
Зарыл болгон процессуалдык жол-жоболор аяктагандан кийин аны бошотуу жана анн Кыргыз Республикасына кайтып келиши күтүлүлгөн.
34 жаштагы Эрмек Сабыржанов Бишкек – Анкара – Түндүк Кипр аба каттамы аркылуу жубайы жана үч баласы менен кетип баратканда, 2026-жылдын 22-майында Анкара шаарындагы “Эсенбога” эл аралык аэропортунан кармалган.
Баштапкы маалымат боюнча, Түркиянын укук коргоо органдары ага ФЕТО (“Фетхуллахчы террордук уюм”) уюмуна байланыштуу айып тагып жаткан. Эрмек Сабыржанов 2014-жылдары Түркиянын Измир шаарында билим алган.
Сүрөттө: Эрмек Сабыржанов. Интернет булактарынан




