Садыр Жапаров Түрк дүйнөсүнүн жогорку ордени менен сыйланды
- 5 часов мурун
- Жаңылыктар
Президент Садыр Жапаров 29-октябрда, Түрк дүйнөсүнүн жогорку ордени менен сыйланды. Бул тууралуу мамлекет башчынын сайтында маалымдалды.
Маалыматта айтылгандай, Садыр Жапаровду Түрк дүйнөсүнүн жогорку ордени менен сыйлоо чечими Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин (Азербайжан, Казакстан, Түркия жана Өзбекстан) башчылары тарабынан кабыл алынган.
Сыйлыкты Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган тапшырды.
Салтанат Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Анкара шаарында өткөн 13-саммитинин алкагында президенттик сарайда өттү.
Президент Жапаров “Түрк дүйнөсүнүн Жогорку орденинин” тапшырылышы чоң сыймык жана терең сый-урматтын белгиси экенин айтты.
Мамлекет башчы бул сыйлыкты жеке эмгегинин таанылышы катары гана эмес, кыргыз элинин түрк дүйнөсүнүн биримдигин чыңдоого жана боордош мамлекеттердин ортосундагы көп кырдуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон салымына берилген жогорку баа катары кабыл аларын баса белгиледи.
“Бизди жалпы көп кылымдык тарыхыбыз, бирдиктүү руханий баалуулуктарыбыз, тилдерибиздин жана маданияттарыбыздын жакындыгы бириктирип турат. Бул — биздин баа жеткис мурасыбыз жана биримдигибиз менен ынтымагыбыздын бекем пайдубалы” деди Жапаров.
Сүрөт: president.kg




