Зилзала: Кыргыз куткаруучулары 7 жашар баланы аман-эсен куткарышты (Видео)   

  • 1 год мурун

Бүгүн 12-февралда, Түркиянын жер титиреген аймактарынан урандылар алдынан издөө-куткаруу иштери учурунда Бишкек убактысы боюнча 02:30 чамасында кыргызстандык куткаруучулар тарабынан Алиайчичек аттуу 2016-жылы туулган бала куткарылды.

Тилекке каршы, ал жерде баланын апасы жана агасы каза болуп калган. Алардын сөөгү чыгарылып туугандарына берилди.

6-февралда кыргызстандык куткаруучулар катуу жер титирөө катталган Түркияга кыргызстандык 63 куткаруучу жардамга жөнөтүлгөн.

Кыргызстандык куткаруучулар Түркиянын Кахраманмараш шаарында бузулган имараттын урандылары арасында алты күн калган адамды тирүү таап чыгарышты. 

Андан соң Түркиянын Кахранмараш шаарындагы Баалыжан районунда зилзала болгондон кийинки урандылар арасынан издөө-куткаруу иштери учурунда  11-февралда кечки 19:21 чамасында 22 жаштагы кош бойлуу келин аман-эсен куткарылды.

Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты