Түркиядагы катуу жер титирөө: 76 киши каза таап, 440 киши жабыркады  

  • 1 год мурун

6-февралда саат 04:17де Түркиянын жети провинциясында очогунда күчү 7,4  баалга жеткен жер титирөө катталганы маалым. 6-февраль күнү саат 9га карата андагы жер титирөөдөн 76 киши каза таап, 440 киши жабыркаган. Түркиянын Өзгөчө абалдын алдын-алуу жана жоюу боюнча башкармалыгынын маалыматына караганда, жер титирөөдөн ал жактагы Кыргыз Республикасынын жарандары жабыркаган эмес.

Жер титирөөнүн очогу Газиантеп шаарынан 26 чакырым жерине туура келген . Андан соң Адана, Анкара, Анталья,  Газиантеп, Кайсери, Мерсин, Трабзон, Урфада болгон.  

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлиги ал жактагы жарандар менен күнү-түнү иштөөчү ыкчам штаб түзгөнүн кабарлады. .  

Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги (г. Анкара): тел. +90 545 6896800, +90 312 4913506, + 90 312 4913507;

Анталья шаарындагы башкы консулдук: +90 546 5570471, +90 534 8388551;

Стамбул шаарындагы башкы консулдук: +90 535 1077212, +90 212 2356767, +90 212 2353737.

Сүрөт: Türkiye гезити.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты