Венесуэладагы зилзала: Каза болгондордун саны 3800 кишиден ашты
- 1 месяц мурун
Венесуэладагы жер титирөөдөн улам каза болгондордун саны 3800 кишиден ашты. 16 740 тан кем эмес киши жаракат алды.
Бул тууралуу Улуттук ассамблеянын спикери Хорхе Родригес билдирди.
Расмий маалыматтар боюнча 16740 киши жаракат алды жана 6462 киши аман-эсен куткарылды. 17 907 киши үй-жайынан ажырады.
24-июнда Венесуэланын борбору Каракас шаарында 7,2 жана 7,5 магнитудасына жеткен эки жолу жер титирөө катталды. Каракас шаарынын Ички иштер министрлигинин билдирүүсүнө караганда, шаарда үйлөр жана имараттар кулады.
Венесуэланын президентинин милдетин аткаруучу Делси Родригес өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыялады.
Биринчи жолку жер титирөө 24-июнда жергиликтүү саат 18:де Каракас шаарынан 168 чакырым алыстагы Морон шаарында болгон. Экинчи жер титирөө Морон шаарына 16 чакырым жакын жерде болгон.
Сүрөт: AP/Ariana Cubillos




