БУУ Сирияда зилзаладан жабыркаган элге жардам жетпей жатканын белгиледи

  • 1 год мурун

Сириянын түндүк-батышына гуманитардык кербен Түркиянын аймагы аркылуу жекшембиде кирди. БУУнун баш катчысынын орун басары, гуманитардык маселелер боюнча координатар Мартин Гриффитс үй-жайсыз калган миллиондогон кишиге жардам жетпей жатканын белгиледи.

Согуштун каарын тарткан өлкөнүн саламаттык сактоо системасы талкаланган, бир катар аймактар өкмөттүк күчтөр менен кармашып жаткан козголоңчулардын колунда.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Түркия менен Сирияда болгон жер титирөөдөн жалпысынан 26 миллиондой киши жабыр тартканын ишембиде билдирди.

Түркия менен Сирияда зилзалада набыт болгондордун саны 30 миңден ашты. Бириккен Улуттар Уюмунун эсебинде, бул сан эки эсе көбөйүшү ыктымал. Эки өлкөдө жараат алгандар он миңдеп саналат. Жүз миңдеген киши баш паанексиз калды. Издөө-куткаруу иштерине 70тен ашуун өлкөдөн келген адистер тартылды.

6-февралда саат 04:17де Түркиянын жети провинциясында очогунда күчү 7,4 (7,6-7,7)  баалга жеткен жер титирөө катталганы маалым. Жер титирөөнүн очогу Газиантеп шаарынан 26 чакырым жерине туура келген . Андан соң Адана, Анкара, Анталья,  Газиантеп, Кайсери, Мерсин, Трабзон, Урфада, ошондой эле Сирияда жана Ливанда болгон.

Сүрөт: BBC

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты