Кыргыз куткаруучулар Кахраманмараш шаарынан урандылар арасынан бир адамды куткарды (Видео)
- 2 года мурун
- Видео
Кыргызстандык куткаруучулар Түркиянын Кахраманмараш шаарында бузулган имараттын урандылары арасында алты күн калган адамды тирүү таап чыгарышты.
Бул тууралуу КР өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарланды.
6-февралда кыргызстандык куткаруучулар катуу жер титирөө катталган Түркияга кыргызстандык 63 куткаруучу жардамга жөнөтүлгөн. Ал куткаруучулар тарабынан 48 жарандын сөөгү табылып чыгарылган.
6-февралда саат 04:17де Түркиянын жети провинциясында очогунда күчү 7,4 (7,6-7,7) баалга жеткен жер титирөө катталганы маалым. Жер титирөөнүн очогу Газиантеп шаарынан 26 чакырым жерине туура келген . Андан соң Адана, Анкара, Анталья, Газиантеп, Кайсери, Мерсин, Трабзон, Урфада, ошондой эле Сирияда жана Ливанда болгон.
Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы.