Зилзала: Кыргыз куткаруучулары урандылар арасынан кош бойлуу келинди куткарышты (Видео)  

Түркиянын Кахранмараш шаарындагы Баалыжан районунда зилзала болгондон кийинки урандылар арасынан издөө-куткаруу иштери учурунда  11-февралда кечки 19:21 чамасында 22 жаштагы кош бойлуу келин аман-эсен куткарылды.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз куткаруучуларына бөлүнгөн тилкедеги кыйраган имараттын урандыларынын астынан алты айлык боюнда бар 22 жаштагы келинди аман алып чыгышты.

6-февралда саат 04:17де Түркиянын жети провинциясында очогунда күчү 7,4 (7,6-7,7)  баалга жеткен жер титирөө катталганы маалым. Жер титирөөнүн очогу Газиантеп шаарынан 26 чакырым жерине туура келген . Андан соң Адана, Анкара, Анталья,  Газиантеп, Кайсери, Мерсин, Трабзон, Урфада, ошондой эле Сирияда жана Ливанда болгон.

6-февралда кыргызстандык куткаруучулар катуу жер титирөө катталган Түркияга кыргызстандык 63 куткаруучу жардамга жөнөтүлгөн.

Кыргызстандык куткаруучулар Түркиянын Кахраманмараш шаарында бузулган имараттын урандылары арасында алты күн калган адамды тирүү таап чыгарышты. 

Иллюстрациялык сүрөт: Times of Turkiye Телеграм каналынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты