Президент Садыр Жапаров Анкарага сапар тартат

Садыр Жапаров 29–30-октябрда Анкара шаарына иш сапар менен барат. Бул тууралуу президенттин расмий сайтында маалымдалды.

Сапардын жүрүшүндө президент Жапаров Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) мамлекет башчыларынын 13-саммитине катышат.

Саммиттин алкагында аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер талкууланат.

Саммиттин жыйынтыгы боюнча Түрк мамлекеттер уюмунун мамлекет башчыларынын Анкара декларациясына жана башка документтерге кол коюу пландалууда.

Иллюстрациялык сүрөт: Анкара. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты