Таксистти өлтүрүүгө шектүү 12 жылдан кийин Түркиядан алынып келинди
- 1 месяц мурун
Ички иштер министрлиги (ИИМ) менен Түркиянын ИИМинин биргелешкен операциясынын жүрүшүндө Стамбул шаарында 12 жылдан бери укук коргоо органдарынан жашырынып жүргөн, 1990-жылы туулган А.Ш. аттуу жаран кармалып, Кыргызстанга алынып келинди.
Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын ИИМи билдирди.
Маалыматта айтылгандай, кармалган жаран Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинде (алдын ала сүйлөшүп алган адамдар тобу тарабынан адам өлтүрүү) каралган оор кылмышка шектелүүдө.
«Тергөө маалыматына ылайык, 2014-жылдын февраль айында Бишкек-Ош унаа жолунда чыккан жаңжалдын жүрүшүндө такси айдоочу М.У. өлтүрүлгөн. Кылмыш жасалгандан кийин А.Ш. Кыргызстандан чыгып кетип, Интерпол аркылуу эл аралык издөөгө алынган. Аталган жаранды кылмыш жоопкерчилигине тартуу Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары менен тыгыз кызматташуунун, заманбап санариптик технологияны жана эл аралык маалымат алмашуу механизмдерин колдонуунун, ошондой эле чет өлкөлүк өнөктөштөр менен натыйжалуу өз ара аракеттенүүнүн аркасында мүмкүн болду» деп айтылат маалыматта.

Сүрөттөр: ИИМ




