Түндүк Кипрде Кыргызстандын жараны кол салуудан жаракат алган   

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Түндүк Кипр Түрк Республикасында Ж.А. аттуу Кыргыз Республикасынын жараны бычактан жаракат алганы тууралуу тараган маалымат боюнча билдирүү жасады.

Маалыматта айтылгандай, 3-августта аталган жаран Лефкоша шаарындагы супермаркеттердин биринде кол салуунун негизинде бычактан жаракат алган. Жабырлануучу шашылыш ооруканага жеткирилип, ага операция жасалган.

Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги Түндүк Кипр Түрк Республикасынын укук коргоо органдары менен окуянын жагдайларын тактап, консулдук-укуктук  колдоо көрсөтүүдө.

Аталган факты боюнча жергиликтүү укук коргоо органдары тарабынан тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Элчилик жабырлануучунун жакындары менен туруктуу байланышта болууда.

Бул маселе министрликтин жана элчиликтин өзгөчө көзөмөлүндө турганы белгиленди

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты